Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Райондор өсүш чекити катары: пландоонун жаңы сапаты инвестицияларды тартууга, жумуш орундарын түзүүгө жана шаар менен айылдын ортосундагы ажырымды кыскартууга кандайча жардам бере алат
Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты
Кыргыз Республикасынын жети пилоттук районунда Улуу Британиянын Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасынын (мындан ары – EGED Программасы) жардамы менен 2021-2026-жылдар аралыгында инвестицияларды башкарууга, тездетилген экономикалык өнүктүрүүгө аймактардын даярдыгын калыптандырууга багытталган регионалдык өнүгүүгө комплекстүү мамиле киргизилип жатат. Анын мааниси социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоодо гана эмес, райондук пландоону экономиканы, инфраструктураны, инвестицияларды жана иш менен камсыз кылууну башкаруунун жумушчу аспабына айландырууда да жатат. Кемин, Ат-Башы, Айтматов, Жети-Өгүз, Кадамжай, Базар-Коргон жана Ноокат райондору пилоттук аймактар болуп калды.
Райондун өнүгүүсү башкарылуучу процесс катары карала баштаганы – негизги өзгөрүү. Адегенде аймак өзүнүн дайындарын, инфраструктуралык чектөөлөрдү жана экономикалык адистештирүүнү талдайт, андан кийин артыкчылыктарды аныктайт, инвестицияларга болгон керектөөнү баалайт, долбоордук портфелди түзөт жана жыйынтыктарга көз салып турат. Мындай логика башкаруунун маданиятын өзгөртөт: район “жогорудан түшкөн” долбоорлорду гана алуучу болбостон, инвесторлор, бюджет жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр үчүн өзүнүн жүйөлөрүн да даярдай баштайт.
Орто аралыктагы жыйынтыктар практикалык натыйжаларды көрсөтүп жатат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жети пилоттук райондо 2600гө жакын жумуш орун түзүлдү, ал эми 2030-жылга чейин болжол менен 17 500 жаңы жумуш орун болот деп күтүлүүдө. Башкаруудагы өзгөрүүлөргө байланыштуу кошумча экономикалык натыйжа пилоттук райондор боюнча орточо эсеп менен 350 миллион сомго бааланып жатат. Болжолдордо жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн эсебинен калктын кирешесинин өсүшү үчүн да негиз салынган.

Райондорду өнүктүрүүнү пландоодо эмнелер өзгөрдү?
Буга чейин райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) адатта “куруу, оңдоо, өткөрүү, колдоо” деп, айылдык аймактардын иш-чараларынын жыйынды тизмеси катары түзүлүп келген. Пландоонун жаңы методикасы көйгөйдүн, ресурстун, инвестициялардын жана жыйынтыктын ортосундагы байланышка басым жасайт. Эгерде районго жол керек болсо, анда ремонттун баасын гана эмес, жолду оңдоп чыккандан кийин кайсы ишканалар, туристтик объектилер, базарлар, мектептер же медициналык кызмат көрсөтүүлөр кыйла жеткиликтүү болуп каларын түшүнүү маанилүү. Эгерде кайра иштетүү өндүрүшүн өнүктүрүү пландалып жатса, анда чийки зат базасын, эмгек ресурстарын, электр энергиясына жеткиликтүүлүктү, сатуу рынокторун жана инвестордун даярдыгын баалап чыгыш керек. Бул маанисинен алып караганда, СЭӨП формалдуу документ эмес, башкаруунун реалдуу аспабы болуп калат. Ал комплекстүү пландоону, инвестициялык профилдерди, инфраструктурага болгон керектөөнү, долбоордук портфелди жана жыйынтыктарга жүргүзүлгөн мониторингди байланыштырууга жардам берет. Дал ушул “пландоо – башкаруу – инвестициялар жана долбоорлор –жыйынтыктар” байланышы EGED Программасынын колдоосунун натыйжасында жетишилген башкы системалуу өзгөрүү болуп саналат, ал райондорго өздөрүнүн экономикалык өнүгүүсүн жакшыраак башкарууга мүмкүндүк берет.
Натыйжа кантип бааланды?
Натыйжаны баалоо сандык жана сапаттык дайындардын айкалышына таянат. Пилоттук райондордун СЭӨПсынын учурдагы версиялары, статистика, административдик дайындар, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин маалыматтары, долбоорлордун индекстери жана тизмелери колдонулган. Талдоонун иш жүзүндөгү мезгили 2022-2025-жылдарды, божомол мезгили 2026-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилди камтыган.
Эсептөө үчүн бир нече ыкма колдонулду: учурдагы тренддерди экстраполяциялоо, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн түзөтүү, инвестицияларга болгон керектөөнү эсепке алуу жана коэффициенттер аркылуу көз карандылыктарды эсепке алуу. Ошол эле учурда райондордун экономикалык өсүшү пландоону жакшыртуу менен гана түшүндүрүлбөйт. Ага жалпы өлкө ичиндеги факторлор – ички суроо-талап, курулуш, соода, өнөр жай, кызмат көрсөтүүлөр, акча которуу, салыктык жана бажылык түшүүлөр таасир этет. Ошондуктан, макалада инвестицияларды пландоону жана башкарууну жакшыртууга байланышкан кошумча натыйжа бөлүп көрсөтүлөт.
Инвестициялар: алгач инфраструктурага бюджеттик салымдар, андан кийин жеке капитал
Маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири бюджеттик инвестицияларды пландоо чөйрөсүндө байкалууда. СЭӨПны иштеп чыгуунун жаңы методикалары инфраструктура экономикалык өсүштү кайсы жерде чектей турганын баалоого мүмкүндүк берет. Алар: суу, жолдор, энергия, байланыш, кызмат көрсөтүүлөргө жана бизнес үчүн аянтчаларга жеткиликтүүлүк. Ошондуктан бюджеттик салымдар экономиканын өз алдынча драйвери катары эмес, жеке инвестициялардын катализатору катары да каралат. Алар бизнеске аймакка кирүүнү, өндүрүштү ачууну, туризмди, кайра иштетүүнү, логистиканы же кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүнү жеңилдеткен шарттарды түзүп берет. Бирок катализатордун өзүн – бюджеттик салымдарды, ошондой эле андан мультипликативдүү натыйжаны туура пландоо үчүн жетишсиз каржыланган жылдары топтолгон бюджеттик инвестицияларга болгон керектөөнү туура баалаганды үйрөнүү зарыл. Пилоттук райондордо экономикалык инфраструктураны түзүү үчүн бюджеттик инвестицияларга топтолгон муктаждык эң көп Базар-Коргон районунда катталып, 10,90 млрд сомду, Ат-Башыда 6,23 млрд сомду, Жети-Өгүздө 3,80 млрд сомду түзгөнүн көрсөтүүдө. Айтматов, Кадамжай, Ноокат жана Кемин райондорунда кыйла төмөн көрсөткүчтөр белгиленди.
1-диаграмма. Пилоттук райондордун экономикалык инфраструктураны түзүү үчүн бюджеттик инвестицияларга топтолгон муктаждыгы, миллиард сом менен

Инвестициялык пландоонун экинчи бөлүгү түз, анын ичинде жеке инвестициялар менен байланышкан. Бул жерде районго канча инвестиция керек экенин эсептеп гана тим болбостон, аймак аларды кабыл алууга жана өздөштүрүүгө канчалык даяр экенин түшүнүү да маанилүү. Бул үчүн райондордун инвестициялык профилдери жана инвестициялык жагымдуулугунун интегралдык индекси колдонулат. Ал инвестициялык климатты жалпы сөздөр менен сүрөттөп бербестен, аны өлчөөгө жана башкарууга мүмкүндүк берет. Алсак, инвестициялык жагымдуулуктун интегралдык индексинин маанилери Ат-Башы жана Ноокат райондору 7,0 индекси менен шарттуу-ыңгайлуу категорияга киргизилгенин, Кемин району 6,8 көрсөткүчкө ээ болгонун, Айтматов жана Кадамжай райондору 6,7 көрсөткүчкө ээ экенин, Жети-Өгүз жана Базар-Коргон райондору 6,5 көрсөткүчкө ээ болгонун көрсөтүүдө.
Иш жүзүндөгү инвестицияларды жана аларга болгон муктаждыкты изилдөөнүн ортосунда кандай айырма бар? Эреже катары, жергиликтүү бийлик органдары райондун аймагына канча акча салынганын, канча объект курулганын эсептеп, иш жүзүндөгү инвестициялардын эсебин жүргүзүп келет. Бирок, келечектеги мезгилге инвестицияларга болгон керектөөнү болжолдогондор аз. Экөөн тең жасаш керек. Ошол эле маалда иш жүзүндөгү инвестицияларды эсепке алуу азырынча кемчиликтерди көрсөтүүдө: бир жолку долбоорлор көрүнүштү өтө бурмалоодо; дайындар райондордун деңгээлинде жетиштүү так эсепке алынбайт, ал эми кээде такыр эле жеткиликтүү эмес. Натыйжада аймакты өнүктүрүүнүн реалдуу дарамети бүдөмүк бойдон калууда. Ошондуктан реалдуу экономикалык динамиканы чагылдырган; келечектеги суроо-талапты көрсөткөн; пландоо үчүн ылайыктуу жана болжолдоо үчүн ыңгайлуу инвестицияларга болгон керектөөлөрдүн болжолу зарыл. Болжолдор үчүн ыңгайлуулук инвестицияларга болгон финансылык керектөө менен бир убакта, мисалы, эмгек ресурстарына болгон керектөөнү эсептөөгө мүмкүндүк берет.
Ошентип, район өзүнүн инвестицияга болгон керектөөсүн эсептеп чыгат жана индекс аркылуу район бул инвестицияларды “сиңире алабы” деген түшүнүк пайда болот. Андан ары учурдагы жана болжолдуу экономикалык өсүштү талдоого болот.
Инвестицияларга топтолгон керектөөнү Инвестициялык жагымдуулуктун интегралдык индексинин маанилери менен салыштыруу башкарууга тиешелүү тыянактарды чыгарууга негиз берет. Мисалы, Кемин жана Ноокат райондоруна инвесторлорду тартуу боюнча олуттуу күч-аракеттер талап кылынат, бул болсо бийлик органдарын жаңы чаралардын топтомун иштеп чыгууга жана бул багытта күч-аракеттерди эки эсе көбөйтүүгө түртөт.
Кошумча өсүш: пилоттук райондор эмнелерди көрсөтүүдө
2025-жылы Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү 11 пайызды түздү. Өлкөнүн экономикалык өсүшү пландоону жана башкарууну жакшыртуу факторлору менен гана шартталган жок. Акыркы үч жылда өсүш негизинен ички суроо-талаптын кеңейиши, соода, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн жана өнөр жайдын жигердүү өнүгүшү, ошондой эле кожолуктардын керектөөлөрүн колдогон эмгек мигранттарынын туруктуу акча которуусу менен камсыздалууда. Алтын казуу жана жагымдуу тышкы баа конъюнктурасы, салыктык жана бажылык түшүүлөрдүн өсүшү жана ушуга байланыштуу мамлекеттик чыгымдардын көбөйүшү кошумча ролду ойноп жатат. Бул факторлордун жыйындысы ишкердик жигердүүлүккө дем берип, өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн салыштырмалуу жогорку ыргагын камсыз кылуу менен мультипликативдүү натыйжаны берип жатат.
Бирок, жергиликтүү жана райондук деңгээлдердеги пландоо жана башкаруу процесстерин жакшыртуунун оң таасири өсүш ыргагына таасирин тийгизүүдө. Бул пилоттук райондордо системалуу өзгөрүүлөрдүн кошумча салымын эксперттик баалоо жолу менен көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү динамикасынын жана инвестицияларга болгон керектөөнү эске алуу менен мурунку өсүш трендинин негизинде эсептелген контрфактикалык (жалпы өлкөлүк факторлорго негизделген) базалык сценарийдин ортосундагы айырма катары аныкталган.
“Кошумча” өсүш инвестицияларды пландоону жана башкарууну жакшыртуунун жыйынды натыйжасын чагылдырууда: бул натыйжанын жалпы өсүш ыргагындагы эсептик үлүшү натыйжанын (инфраструктуранын жана долбоордук портфелдин топтолушу) күчөшүнүн эсебинен көбөйүү менен 2025-2028-жылдар мезгилинде 22% жана 2029-2030-жылдар мезгилинде 31% деп бааланган. Системалуу өзгөрүүлөрдүн таасирин эске алуу менен пилоттук райондордун экономикалык өсүшүнүн динамикасы 2-диаграммада берилди.
Бул дайындар пландоонун эсебинен натыйжа бардык райондор үчүн бирдей болбогонун көрсөтүүдө. Ал экономиканын түзүмүнө, инвестициялык муктаждыкка, инфраструктуралык чектөөлөргө жана райондун долбоорлорду коштоо жөндөмдүүлүгүнө жараша болот. Бирок жалпы жыйынтык бир: башкарууну жакшыртуу аймактардын экономикалык өсүшүнө өлчөнүүчү салым кошуп жатат.
2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүдө пилоттук райондордун салымы
2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында макро-деңгээлде өлчөнүүчү максаттар көрсөтүлгөн. Алар: кирешеси ортодон жогору деңгээлдеги өлкөлөрдүн категориясына өтүү: калктын жан башына ИДП – 4 500 доллар, ИДП – 30 млрд доллар, ИДПнын өсүш ыргагы – 8%, Адамдык өнүгүү индексиндеги позицияны 10 пунктка жакшыртуу, жумушсуздукту 5 пайыздан ашпаган деңгээлде кармоо, негизги капиталга инвестицияларды ИДПнын 20 пайызына чейин көбөйтүү, тышкы карызды ИДПнын 60 пайызынан ашпаган чекте сактоо.
Өлкөлүк көрсөткүчтөр менен салыштыруу – бул көрсөткүчтөргө жетишүүдө пилоттук райондор кандай салым кошо аларын баалоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Ар бир райондун өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги бар, бирок жалпы көрүнүш өлкөнүн көрсөткүчтөрүнө шайкеш келген келечектин реалдуу болжолу болуп саналат.
2-диаграмма. Пландоону жакшыртуунун эсебинен жетишилген иш жүзүндөгү (2025-ж.) жана болжолдонгон “кошумча” экономикалык өсүш

Калктын жан башына өндүрүштүн көрсөткүчтөрү азырынча регионалдык диспропорцияларды көрсөтүүдө, муну калктын ар кандай жыштыгы жана ири өндүрүштөрдүн бирдей эмес бөлүштүрүлүшү менен түшүндүрсө болот. Бирок өлкөлүк мааниси менен ажырымды кыскартуунун көрсөткүчтөрү (конвергенция) пилоттук райондордун кеминде жарымы үчүн позитивдүү (30 пайыздан ашык) болуп саналат. Жети район боюнча орточо маани 2025-жылдагы 2 629 АКШ долларынан 2030-жылга чейин 4 238 АКШ долларына чейин өсүшү мүмкүн. Бул өзгөчө маанилүү, себеби туура башкаруу менен өсүш ири шаарларда гана эмес, райондук деңгээлде да болушу мүмкүн экенин көрсөтүп жатат.
Өсүү тармактары: өнөр жай, айыл чарбасы жана туризм
2030-жылга чейинки мезгилде пилоттук райондордун экономикасынын тармактык түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөрдү күтпөсө болот, себеби өсүш драйверлери пландоонун өзгөргөн системасынын эсебинен гана аныкталууда жана толук кандуу жайылышы үчүн убакыт талап кылынат. Ошону менен бирге экономикалык адистешүүнүн тармактары инвестицияларды пландоону жана башкарууну жакшыртуунун эсебинен озуп кетүүчү ыргактар менен өнүкмөкчү.
3-5-диаграммаларда системалуу өзгөрүүлөрдүн таасирин эске алуу менен тармактагы өсүштүн иллюстрациялары берилген, алардын таасири диаграммаларда күңүрт түс менен чагылдырылган жана диаграммалардын астында абсолюттук көрсөткүчтөр менен берилген.
Бул мисалдар жергиликтүү экономиканын диверсификациясын көрсөткөнү менен маанилүү. Бир район үчүн өнөр жай, экинчиси үчүн айыл чарбасы, үчүнчүсү үчүн туризм негизги өсүш чекити болуп берет. Демек, пландоонун бирдиктүү методикасы райондорду бирдей кылбашы керек. Тескерисинче, ал ар бир районго өзүнүн адистешүүсүн так көрүүгө жардам берет.
3-5-диаграммалар. Пилоттук райондордо өзүнчө секторлордо жана тармактарда экономикалык өсүштүн болжолу



Бул адамдарга эмнелерди берет: жумуш жана киреше
Экономикалык өсүш адамдардын иш менен камсыз болушуна жана кирешесине таасир эткенде гана мааниге ээ болот. Пилоттук райондордо жумуш орундарынын олуттуу өсүшү болжолдонууда. Макаланын эсептөөлөрүнө ылайык, башкаруудагы системалуу өзгөрүүлөрдүн эсебинен гана пилоттук райондор 17 500гө жакын жумуш ордун түзүүгө жөндөмдүү. Төмөндөгү таблицада ар бир район үчүн максаттуу көрсөткүчтөр келтирилди, мында иш менен камсыз болуунун өсүшү 2024-жылга салыштырганда 2030-жылдагы көрсөткүчтүн өсүш ыргагы катары көрсөтүлдү. Иш менен камсыз кылуунун жалпы өсүшүнүн бир бөлүгү жалпы экономикалык тенденциялар менен байланышкан, бирок таблицада системалуу өзгөрүүлөрдүн кошумча салымы да бөлүп көрсөтүлгөн. Бул маанилүү, себеби жаңы жумуш орундары “негизинен эле” экономиканын өсүшүнүн натыйжасында гана эмес, ошону менен бирге артыкчылыктарды тагыраак тандоонун, инвесторлорду коштоонун, инфраструктураны жана долбоордук портфелди даярдоонун эсебинен пайда болот.
Кирешелердин өсүшү ошондой эле ИДПнын динамикасынын, иш менен камсыз кылуунун жана продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чыгарууну эмгек акыга өткөрүү коэффициентинин негизинде болжолдонууда.
Калктын кирешелери. Иш менен камсыз болгон калктын кирешелеринин өсүшү продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чыгарууну эмгек акыга өткөрүү коэффициентин (ийкемдүүлүк), ошондой эле жумуштуулуктун өзгөрүшүн пайдалануу менен жалпы региондук дүң өнүмдүн динамикасынын негизинде болжолдонот. Төмөндө жалпысынан райондордун экономикасы жана айрым секторлор боюнча жалпы тенденцияларды көрсөткөн үч район боюнча мисалдар келтирилген. Алсак, Кемин районунда экономикалык өсүштүн эсебинен калктын кирешелеринин жалпы өсүшү 2024-жылга салыштырмалуу 2030-жылы дээрлик эки эсе көбөйөт. Кадамжай районунун айыл чарбасында иштеген калкынын кирешесинин өсүшү 2024-жылга салыштырмалуу 2030-жылы 53 пайызды түзөт. Айтматов районунун соода жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштеген калкынын кирешесинин өсүшү 2024-жылга салыштырганда 2030-жылы 56 пайызды түзөт.
Тургундар үчүн бул пландоо менен жашоо сапатынын ортосундагы байланышты кыйла түшүнүктүү кылуу дегенди билдирет. Эгерде район кайра иштетүүгө инвестиция тартса, бул жумуш орундарын түзүшү мүмкүн; эгерде туризмди өнүктүрсө, мейманканалардын, транспорт айдагандардын, тамак-аш саткандардын, кол өнөрчүлөрдүн кирешеси өсөт. Эгерде жолдорду, сууну жана энергетиканы жакшыртса, анда бизнес өсүш үчүн шарттарды алат, ал эми калк кызмат көрсөтүүлөргө жана жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алат.
1-таблица. Жумуш орундарынын санынын иш жүзүндөгү (2025-ж.) жана болжолдонгон өсүшү

2-таблица. Шаар менен айылдын ортосундагы өнүгүүдөгү ажырымды кыскартуунун иш жүзүндөгү (2025-ж.) жана болжолдонгон динамикасы

Шаар менен айылдын ортосундагы ажырымды жоюу
Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүнүн маанилүү стратегиялык милдеттеринин бири – өзгөчө көңүл бурууну талап кылган урбанизацияланган жана элеттик аймактардын өнүгүү деңгээлинин ортосундагы ажырымды кыскартуу. Кыргызстандын тоолуу ландшафтын жана жердин тартыштыгын эске алганда, өлкө айыл жерлерин “унутуп” коё албайт. Божомол сабаттуу башкаруу болгондо бул ажырым кыскара тургандыгын далилдейт. Бул үчүн төмөндө Бишкек, Ош шаарларына, эки кыйла урбанизацияланган пилоттук райондорго (Кемин жана Ноокат райондору) (орточо маанилер) жана калган беш пилоттук айылдык райондорго (орточо маанилер) тиешелүү бир нече көрсөткүчтөр берилди. Төмөн-дөгү таблицада көрүнүп тургандай, 2030-жылга чейин урбанизацияланган жана айылдык аймактардын өнүгүүсүндөгү ажырым төмөнкүдөй кыскарат: иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө – 10%га, иш менен камсыз болгон калктын кирешелери чөйрөсүндө – орточо 3%га, региондук дүң өнүмдүн көлөмүнө карата – орточо 5%га.
Бул сандар элеттик райондор ири шаарларды тез эле кууп жетет дегенди билдирбейт. Бирок алар маанилүү багытты көрсөтүүдө: эгерде райондук деңгээл пландоо, талдоо, инвестициялык коштоо жана мониторинг жүргүзүү аспаптарын алса, экономикалык жигердүүлүк кеңири тарала баштайт. Бул ири шаарларга болгон басымды азайтат, адамдардын жашаган жерине жакын мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана аймактардын ортосундагы айырмачылыктарды азайтууга жардам берет.
Күтүлгөн натыйжа жана кийинки кадамдар
Пландоого карата жаңы ыкмадан күтүлүүчү натыйжа райондук өнүгүү өзүнчө долбоорлордун топтомуна эмес, улуттук өсүшкө башкарылуучу салымга айланат. Пилоттук райондордо СЭӨП, инвестициялык профилдер, инфраструктуралык керектөөлөр жана долбоорлорду коштоонун ортосундагы байланыш көрүнүп турат: 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жети райондо 2 600гө жакын жумуш орун түзүлгөн, ал эми кошумча экономикалык натыйжа пилоттук райондор боюнча орточо 350 млн сомго бааланууда. Эгерде бул ыкма жалпы республика боюнча жайылтылса, бул жергиликтүү өндүрүштү, иш менен камсыз кылууну жана салык базасын чыңдайт, ошондой эле ири шаарлар менен айыл аймактарынын ортосундагы айырманы азайтат.
Өзөктүк натыйжаны инфраструктура берет. Жолдорго, сууга, энергетикага, байланышка жана башка негизги инфраструктурага инвестиция салуу жеке инвестициялар, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү, кайра иштетүү, туризм, логистика жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн шарттарды түзөт. Ошондуктан бюджеттик инвестициялар өз алдынча максат катары эмес, экономикалык жигердүүлүктүн катализатору катары каралууга тийиш: алар “кууш жерлерди” жоюп, бизнеске аймакка азыраак чыгымдар менен кирүүгө жардам берет. Мындай ыкма экономиканы диверсификациялоону да колдойт, себеби райондор өз адистешүүсүн аныктап, бир эмес, бир нече өсүш чекиттерин өнүктүрө башташат.
Калк үчүн күтүлгөн натыйжа жаңы жумуш орундары, кирешелердин өсүшү жана эмгек миграциясына мажбур кеткендердин азайышы аркылуу билинет. Эгерде райондо жумуштуулук, ишкердик жана кесиптик өсүш үчүн мүмкүнчүлүктөр пайда болсо, анда адамдардын ошол жерде калуусуна себептер да артат. Экономикалык жигердүүлүктүн кеңейиши өз кезегинде салыктык базаны көбөйтөт жана өнүгүүнүн кыйла туруктуу циклин түзөт: инвестициялар иш менен камсыз кылып, киреше алып келет, кирешелер бюджетти күчөтөт, ал эми бюджет кайра инфраструктурага жана кызмат көрсөтүүлөргө иштей алат.
Бул ыкманын масштабын кеңейтсе болот, себеби пландоо методикасы бардык ЖӨБ органдарын жана райондорду камтыйт, ал эми инвестициялык пландоо ага аймактардын артыкчылыктары, райондук тармактык профилдер, инвестициялык профилдер жана долбоордук портфелдер аркылуу киргизилиши мүмкүн. Автоматташтырылган модулду ишке киргизүү жана өнүктүрүү маанилүү шарт болуп саналат, ал дайындарды чогултууга гана эмес, ошондой эле болжолдорду, аналитикалык тыянактарды, бюджет үчүн жүйөлөрдү түзүүгө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жардам бериши керек.
Кийинки кадамдар ыкманы системалуу түрдө бекемдөөгө багытталышы керек. Комплекстүү аймактык пландоонун стандартташтырылган методологиясын өркүндөтүү, “ЖӨБ – район – облус – тармактык министрлик” чынжыры боюнча өнүктүрүү программаларынын тигинен макулдашуусун камсыз кылып, талдоонун жана болжолдоонун санариптик аспаптарын кеңейтип, ошондой эле СЭӨПны бюджеттик циклге интеграциялоо зарыл. Божомолдоо алгоритмдерин акырындык менен, анын ичинде жасалма интеллектти колдонуу менен өнүктүрүү өзүнчө мааниге ээ, бирок сапаттуу дайындар жана түшүнүктүү башкаруу тапшырмасы болушу керек.
Район өз мүмкүнчүлүктөрүн көрүп, келечектеги жыйынтыкты эсептеп,
инвестор менен кокусунан эмес, системалуу иштей алса,
сырттан жардам күтпөстөн, аймактын өзүнөн өнүгө баштайт!
___________
1 “Иш менен камсыз болгон калктын кирешелеринин” эсептелген көрсөткүчү ИРӨнүн динамикасына байланган жана региондун экономикасынын бир бөлүгү катары калктын кирешелеринин жалпы абалын баалоо үчүн арналган агрегацияланган макро-прокси болуп саналат. Ал кызматкердин орточо эмгек акысын баалоо болуп саналбайт. Көрсөткүчтүн деңгээлине өзүн-өзү иш менен камсыз кылгандардын аралаш кирешелери жана ири ишканалардын эмгек акы төлөө фонду таасир этет.
Окшош материалы:
-
№1 (171) / 2026-02-06 Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүү тууралуу “Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-2025” форумунун сунуштары
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Төртүнчү сессия. Инвестициялар ишеним тили катары: жергиликтүү бийлик эмнелерди жасай алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Экинчи сессия: Иллюзиясыз административдик-аймактык реформалар: чек аралар, бюджеттер, санариптик дайындар жана жашоочулар үчүн жыйынтык
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Үчүнчү сессия. Аймактарды өнүктүрүүдө жана борбор азиялык интеграцияда муниципалдык ассоциациялардын жана санариптик платформалардын ролу
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Биринчи сессия. Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун заманбап тенденциялары
-
№11 (169) / 2025-11-29 Күчтүү шаарлар – күчтүү өлкө: Кыргызстанда Шаарларды колдоо долбоору башталды
-
№11 (169) / 2025-11-29 Бүгүнкүнү өлчөө менен, өлкөнүн аймактарын өнүктүрөбүз: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Ачык эшиктер күнү
-
№11 (169) / 2025-11-29 Жарандар өнүгүүнүн кошо жаратуучулары болгондо: Жергиликтүү жамааттардын жумалыгы аракетте


















