Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Жети-Өгүз районунда жакырчылыкты кыскартуунун драйвери катары инклюзивдүү ыкма
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын байланыш боюнча консультанты
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын Координациялык кеңешинин мүчөсү, Райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Гүлбара ЖААНБАЕВА райондун Социалдык- экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) иштеп чыгууда жана ишке ашырууда инклюзивдүү мамилени киргизүүнүн негизги демилгечилеринин бири болду.
Көйгөй жана анын себептери
Жети-Өгүз районунда жакырчылыктын жогорку деңгээлин калктын олуттуу бөлүгүнүн аяр абалы менен түшүндүрүүгө болот: бул райондо майыптыгы бар 4 792 адам (анын ичинде 646 бала), мигранттардын 1 893 баласы, 54 жетим бала, ошондой эле миңдеген аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жашайт. Жумушка орношууда мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү болушу, социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн начардыгы жана бул топтордун экономикага системалуу түрдө тартылбагандыгы жөлөкпулдарга көз карандылыкка алып келди. Бул өз кезегинде социалдык жөлөкпулдарга көз карандылыкка жана жакырчылыктын деңгээлинин сакталышына алып келди: жөлөкпулду алган үй-бүлөлөрдүн саны 1590 болуп, жакырчылыктын деңгээли 15,1 пайызды түзгөн.
Көйгөйдүн чечилиши
Гүлбара ЖААНБАЕВАнын жигердүү катышуусунда Координациялык кеңештин демилгеси менен СЭӨПга инклюзивдүү ыкманын киргизилиши бурулуш учур болуп калды. Практикалык тажрыйбага таянып, ал колдоодон экономикалык активдүүлүккө өтүүнү сүрөдү: “Биздин милдетибиз жөн гана жардам берүү эмес, биз адамдарга өздөрү акча таап, өздөрүн коомдун толук кандуу мүчөлөрү катары сезишине мүмкүнчүлүк бергибиз келет”.
ЖААНБАЕВАнын жергиликтүү деңгээлдеги практикалык тажрыйбасы мол болуп, айылдардагы көйгөйлөрдү терең түшүнө билгендиктен СЭӨПга калктын ар кандай топторунун чыныгы муктаждыктарын эске алган чечимдер киргизилди. Башкача айтканда, Координациялык кеңеш керектөөлөргө системалуу талдоону жана СЭӨПга иштиктүү аспаптарды киргизүүнү камсыз кылды, алардын негизгиси социалдык контракт механизми болуп калды. Социалдык контракт механизми мамлекет менен үй-бүлөнүн ортосунда өнөктөштүктү түздү: конкреттүү бизнес-план ишке ашырылган шарттарда жардам берилет, бул жоопкерчиликти жана туруктуу кирешеге болгон мотивацияны пайда кылат.
Механизм иш жүзүндө жогорку натыйжалуулукту көрсөттү. 2025-жылы 237 өтүнмө ээсинин ичинен 222 үй-бүлө тандалып алынды. Алар колдоого алынып, өз долбоорлорун баштай алышкан. Иштин багыттары ар түрдүү болуп, жергиликтүү экономикалык дараметти чагылдырып турат: айыл чарбасы (анын ичинде кой чарбасы – 171 долбоор), тигүү өндүрүшү, соода жана коомдук тамактануу, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр (такси, техника), кайра иштетүү жана өндүрүш (биогумус, азык-түлүк), кол өнөрчүлүк (жыгач жана металл иштетүү), курулуш, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү – сулуулук салондору жана сервистик кызмат көрсөтүүлөр.
Социалдык контракт баштапкы капиталды гана эмес, ошону менен бирге колдоонун ар кандай түрлөрүн да камсыз кылды. Мисалы, долбоорун ишке ашырып жаткандар консультацияларды алышты, ишкердиктин негизги көндүмдөрүн үйрөнүштү жана долбоорлорго мониторинг жүргүзүлдү. Булардын баары долбоор ийгиликтүү болбой калат деген тобокелдиктерди азайтууга жана долбоорлордун туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Көптөгөн үй-бүлөлөр ишкердиктин бир түрүнөн, убакыттын өтүшү менен бизнесин кеңейтип, кирешесин көбөйтүп, өз жамааттарында кошумча жумуш орундарын түзүп жатышат.
Г. ЖААНБАЕВА төмөнкүлөрдү белгиледи: “Социалдык контракт – бул бир жолку жардам эмес, бул үй-бүлөнүн жашоо калыбын өзгөртүп, ага туруктуу киреше булагын берүү мүмкүнчүлүгү. Аяр абалдагы топторду экономикага кошпостон туруктуу жыйынтыктарга жете албайбыз”.
Жыйынтыктар жана таасир
Бул чараларды ишке ашыруу инклюзивдүү мүнөздү тастыктаган олуттуу жыйынтыктарга алып келди:
- жакырчылыктын деңгээли 15,1 пайыздан 10,6 пайызга чейин төмөндөдү;
-
жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдүн саны 1590дон 590го чейин азайды;
-
2025-жылы 222 үй-бүлө социалдык контракт боюнча колдоо таап, өз бизнесин баштай алды (237 өтүнмө түшкөн);
-
программага майыптыгы бар адамдар кошулду (2024-жылы 8 катышуучу, 2025-жылы 11 катышуучу);
-
338 адам иш менен камсыз болду, анын ичинен 180и – аялдар;
-
жумушсуздуктун деңгээли 0,3 пайызга кыскарды.
Райондун 14 731 улгайган жашоочусу үчүн геронтологиялык борбордун долбоорунун СЭӨПга киргизилиши Координациялык кеңештин кошумча салымы жана ЖААНБАЕВАнын жеке демилгеси болду.
“Инклюзия – бул ар бир адам өзүн керектүү сезип, өз дараметин ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү болот дегенди билдирет. Дал ушул идея улгайган адамдарды аярлуу топ катары эмес, коомдук турмуштун жигердүү катышуучулары катары караган демилгенин өзөгүн түздү”, – дейт ал.
Бул ошондой эле акыркы жылдары улгайган жарандарды комплекстүү колдоого муктаждык кыйла көбөйгөнүнө байланыштуу болду: алардын басысдуу бөлүгү медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жетишсиздигине, ошондой эле жалгыздык жана социалдык обочолонуу өңдүү көйгөйлөргө туш болуп келишет. Заманбап геронтологиялык борбордун түзүлүшү бул чакырыкка жооп болду. Райондо 60 жаштан ашкан 14 731 адам жашайт, алардын арасында узак жашагандар да бар – 100 жаштан ашкан 2 адам жана 90 жаштан ашкан 122 адам жашайт. Бул сандар кам көрүү жана колдоо көрсөтүү үчүн адистештирилген инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилөөдө.
Борбордун ачылышы улгайган адамдардын ден соолугуна жана жашоо калыбына комплекстүү таасирин тийгизип жатат. Туруктуу негизде медициналык көзөмөл жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк ооруларды өз убагында аныктоого жана алдын алууга, физикалык активдүүлүктү сактоого жана өз алдынча жашоо мезгилин узартууга мүмкүндүк берет. Ал эми улгайган адамдардын бири-бири менен баарлашып, убакытты чогуу өткөрүүсү, биргелешкен иш-чараларга катышуусу, тажрыйба алмашып, өзүн керектүү сезиши, чогуу тамактанып, күн сайын байланышта болушу жана кызматкерлердин көңүл буруусу аларга жалгыздык сезимин жеңүүгө жардам берип, психологиялык бакубаттуулукту бекемдейт.
“Мындай ыкма социалдык колдоо системасына болгон ишенимди бекемдөөгө көмөктөшүп, адамдарда алардын бакубатчылыгы мамлекеттин көңүл чордонунда деген ойду калыптандырууда. СЭӨПга киргизилген мындай ийгиликтүү демилгелердин жардамы менен районубуз өнүгүп келе жаткан аймактардын бирине айланарына ишенем”, – деп кошумчалады Г. ЖААНБАЕВА.
Тыянак
Жети-Өгүз районунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, дал ушул Координациялык кеңештин жигердүү ролу жана Гүлбара ЖААНБАЕВАнын лидерлиги инклюзивдүү ыкмаларды киргизүүгө жана туруктуу өзгөрүүлөргө жетишүүгө мүмкүндүк берди. Аярлуу топторду экономикага системалуу түрдө тартуу жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүп гана тим болбостон, ошону менен бирге көз карандылыктан туруктуу өнүгүүгө жана калктын өзүн-өзү иш менен камсыз кылуусуна өтүүнү камсыз кылуу менен кыйла адилеттүү коомду калыптандырат.
Окшош материалы:
-
№12 (134) / 2022-12-28 Сейдикум АА: гүлдөгөн аянттар жана бакчалар үчүн скважиналар
-
№11 (133) / 2022-11-29 Талды-Булак айылдык аймагында ишкерчиликти өнүктүрүү Арстанбап токоюнун жүгүн азайтууда
-
№11 (133) / 2022-11-29 Турист үчүн оңой эмес тандоо: кооз жерлерби же ыңгайлуулукпу? Кашка-Суу АА Падыша-Ата коругуна келгендер үчүн шарт түзүп берүүдө
-
№11 (133) / 2022-11-29 Дизайн-ой жүгүртүүсү Ала-Бука жана Чаткал райондорунун аймактарында керектүү чечимдерди долбоорлойт
-
№11 (133) / 2022-11-29 GIZтин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” Программасы жыйынтыкталууда
-
№11 (133) / 2022-11-29 Сузак районунда ирригация объекттеринин санарип картасы 80 миң адамдын сугат сууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат
-
№10 (132) / 2022-10-16 Инклюзивдүү пландоонун мисалдар жыйнагы. Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын практикасы
-
№10 (132) / 2022-10-16 “Эч ким обочодо калбайт” же “Бактылуу адамдардын аймагы”

















