Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мыйзамсыз менчиктештирилген муниципалдык объекттерди кайтаруу үчүн эскирүү мөөнөтү жөнүндө

2015-07-08 / Мыйзам жаӊылыктары

2015-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алган. Кабыл алынган Мыйзам КР Граждандык кодексинин 221-беренесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.

Ага ылайык, максатына ылайык эмес колдонулган мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жана муниципалдык объекттерди кайтаруу тууралуу талаптарга доонун эскиришинин мөөнөтүн колдонуу жокко чыгарылды.Кабыл алынган Мыйзамдын долбоорун КР Өкмөтү демилгелеп, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд иштеп чыккан. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд негиздеме катында Кыргызстанда менчиктештирүүнүн баштапкы максаты жарандардын менчик укугун ишке ашыруусуна шарт түзүү болгонун, башынан эле менчиктештирүүнү Кыргызстан экономикасынын рынок багытында өнүгүп келаткан структуралык кайра куруунун негизги аспабынын бирине айландыруу милдети турганын белгилейт.Анткен менен 1990-жылдардын башынан тарта мамлекеттик мекемелерди, анын ичинде мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарын (мындан ары – МББ – бала бакчалар) мыйзамсыз менчиктештирген учурлар кездеше баштаган.
 
Тилекке каршы ал мекемелер максатына ылайык колдонулбай жатат. Ошону менен бирге КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маалыматына ылайык, ушул тапта Кыргыз Республикасында 1527 МББ бар. Алардын ичинен 291 – мамлекеттик, 943 – муниципалдык, 293 – юридикалык жана жеке жактардын менчиги. Булардын ичинен 1391 МББ иштейт: 877 максатына ылайык, анын ичинде 120 – мамлекеттик, 177 – муниципалдык, 217 - жеке. Негиздеме катта прокуратура органдары МББга карата доо арыздын мөөнөтү эскиргенине байланыштуу сот процессинде утулуп жатканы белгиленет.Буга Октябрь райондук прокуратурасынын Мэрияга, Мамкаттоого жана Бишкек Башкы архитектурага карата доо арызы боюнча соттук процессти мисал катары келтирсе болот.
 
Бул доо арыз «Аль-Манар» ЖЧКнын объектисине («Ихлас» турак жай комплекси) тиешелүү. Ал Бишкек шаарындагы 8-кичи райондогу сүрүлгөн бала бакчанын имаратынын ордунда көп кабаттуу турак жайдын курулушун бүтүргөн. Буга байланыштуу кабыл алынган Мыйзамда менчиктештирилген БММны мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтаруу тууралуу талаптарга доонун эскириш мөөнөтүн колдонууну чыгарып салуу каралган.Бул Мыйзамды кабыл алуу менен белгилүү бир жагдайларда доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен, менчиктештирилген БММны талашуу тууралуу иштерге кайтып келүүгө жол ачылат.