Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сугат айдоо жерлерин энергетикалык объекттердин курулушу үчүн которууга (трансформациялоого) киргизилген мораторийди жокко чыгаруу тууралуу

2015-07-08 / Мыйзам жаӊылыктары

2015-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдые 30-июнунда кабыл алган.

Кабыл алган Мыйзамдын долбоорун КР Жогорку Кеңешинин депутаттары К. МУРЗАБЕКОВ, Д.ЖУМАБЕКОВ, Б. ШАРШЕЕВ жана Ж. САМАТОВ демилгелеп чыккан.Мыйзам мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды камсыздоо максатында иштелип чыккан. КР Жер кодексинин 1 беренесине ылайык, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар – улуттук коопсуздукту, айлана чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылууга, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук, энергетикалык тейлөө объекттерин жайгаштырууга жана тейлөөгө инженердик жана архитектуралык-курулуш документтерине, пайдалуу кендерди иштетүүгө, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу муктаждыктар. Кабыл алынган Мыйзам «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамынын 1-беренесине толуктоо киргизет. Ага ылайык, чакан электроэнергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды, 110 кВ. дан 500 кВ. га чейинки жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, 110 кВ. дан 500 кВ.га чейинки көмөк чордондорду, газ түтүктөрүн жана алардын курулмаларын куруу үчүн сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) мораторий жайылбайт.