Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарынын салыктык укук бузуулар үчүн административдик айып салуу укугу жөнүндө

2015-07-09 / Мыйзам жаӊылыктары

2015-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ «Кыргыз Республикасынын айырм мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алган.

Кабыл алынган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет. Салык кодексинин 52-1-беренесинин 3-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ЖӨБ органдары аларга тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төм. укуктуу:салык контролун ишке ашырууда салык төлөөчүдөн Салык кодексинин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди көрсөтүүнү талап кылууга; Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүгө татаал, банк мекемелери болбогон калктуу конуштарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте салык төлөөчүлөрдөн салык төлөөнүн эсебинен нак акча каражаттарын кабыл алууга. Ошондой эле мыйзам долбоору менен Салык кодексинин 52-1-беренеси 5-бөлүк менен толукталды. Анда аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же тийиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн ЖӨБ органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралган.
 
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине киргизилип жаткан толуктоолор жана өзгөртүүлөр ЖӨБ органдарына административдик комиссиялар аркылуу (Мамлекеттик салык кызматынын катышуусуз) салыктык контролдун жыйынтыгы боюнча айрым бир салыктык укук бузуулар үчүн административдик айыптарды салуу укугун берет. Бул укук жалпысынан ЖӨБ органдарынын өз алдынчалуулук жана жопокерчилик деңгээлин жогорулатып, салыктык тартипти арттырууга жана бюджетке кирешени толуктоого көмөктөшөт. Өз кезегинде ЖӨБ органдарынын жергиликтүү салыктар жана патенттин негизинде салыктар боюнча акча каражаттарын чогултууну түздөн-түз жүзөгө ашыруусу төм. көмөктөшөт: салык төлөө боюнча салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө; банк мекемелери болбогон, алыскы жана жетүүгө оор калктуу конуштарда салыктын айрым түрлөрүн нак акча каражаттары менен чогултуу боюнча ченемдик жактан бекитүүгө; салыкты башкарууну жакшыртууга жана жергиликтү бюджетке каражаттын түшүүсүн арттырууга. Ошентип, жогоруда аталган кодекстерге түзөтүүлөрдү киргизүү менен ЖӨБ органдарынын салыкты башкаруусу үчүн толук цикл түзүлмөкчү.