Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө

2015-07-08 / Мыйзам жаӊылыктары

2015-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын 21-майында кабыл алган. Мыйзамдын жаңы редакциясынын демилгечилери болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д. НИЯЗАЛИЕВА, Т.ЛЕВИНА, Ы. КАДЫРАЛИЕВА, А. КУТУШЕВ, М. МАДЕМИНОВ, Н. НАРМАТОВА эсептелет.

«Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» КР Мыйзамы жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы коомдук мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан, аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт жана репродуктивдик ден соолугун коргоого жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын таламдаш жана жоопкерчиликтүү мамилесин күчөтүүгө багытталат.
 
Мыйзам жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын адам укуктарынын жалгама бөлүгү катары тааныйт, алардын мазмунун ачыктайт жана аларды жүзөгө ашыруу кепилдиктерин бекемдейт. Ошондой эле Мыйзам мамлекеттин кепилдиктерин белгилейт жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн укуктук негизди түзөт.
 
Жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик укуктары жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуу боюнча толуктоолорду, калктын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун сактоого жана жакшыртууга багытталган медициналык-социалдык жардамды уюштуруу жана көрсөтүү системаларынын жалпы принциптери боюнча толуктоолорду киргизүү долбоорду иштеп чыгууда негизги максат болду.Мыйзамдын жаңы редакциясында 8-беренеде жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын репродуктивдик укуктары жаатында төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ болду:
 
  •  жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгууга катышат;
  •  мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдары, жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун чыңдоо жаатындагы бейөкмөт уюмдар менен биргеликте жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик укугун коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга катышат;
  • мамлекеттик муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле жеке менчикке жана менчиктин аралаш түрүнө негизделген саламаттыкты сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жолу менен жарандардын өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын жүзөгө ашыруусу үчүн шарттарды камсыз кылат.