Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аксакалдар соту тууралуу

2016-04-11 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек АТАМБАЕВ “Аксакалдар соту жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду. Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылдын 10-мартында кабыл алган.

Бул мыйзамдын максаты аксакалдар сотторуна мурда булганбаган, жүрүм-туруму үлгүлүү адамдардын киришине мүмкүнчүлүк ачуу, ошондой эле соттордун ишин камсыз кылуу үчүн тийиштүү материалдык-техникалык шарттарды түзүү болуп саналат. Мисалы, Мыйзамда төмөнкүлөр каралды:
 
  • колдонуудагы Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүндөгү аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө кошумча талап кошулду, ага ылайык мындан ары аксакалдар сотуна соттуулугу жок жарандар гана шайлана алышат;
  • колдонуудагы Мыйзамдын 29-беренеси жаңы редакцияда баяндалат: эми аксакалдар соту салган жазапулдар жергиликтүү бюджетке чегерилип, анын 70 пайызы аксакалдар сотунун ишин камсыз кылууга багытталат.