Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Салыктар тууралуу

2016-04-12 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 Кол коюлган Мыйзам “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 20 беренесинин 6-бөлүгүнүн 12-пунктунун нормаларын КР Салык кодексине шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 20-беренесинин 6-бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салык салуу бөлүгүндө берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарына салыктарды, алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйноо гана кирет.КР Салык кодексинин 52-1-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
 
  • салык жыйноо (мүлк салыгы, жер салыгы, ыктыярдуу патенттин негизинде салык жана милдеттүү патенттин негизинде салык);
  • ушул Кодекстин 93-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-5-пункттарына ылайык, салык контролун өткөрүүгө (рейддик салык контролу жана салык постун белгилөө);
  •  салыктык мыйзамдарды бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптарды аткарууну контролдоого;
  • салык кызматынын органдарынан жана салык салуунун жана салык боюнча салыктык милдеттенмелерди чегерүү объекттерине байланышкан башка мамлекеттик органдардан маалыматты алууга;
  • Салык контролун Салык кодексинде аныкталган тартипте жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө документтердин көчүрмөсүн салык төлөөчүдөн алууга;
  • материалдарды мыйзамдарга ылайык укук коргоо органдарына берүүгө, ошондой эле сотко доо берүүгө.
Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Салык кодексинин 108-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган салык мыйзамдарынын талаптарын сакталышына рейддик салык контролун жүзөгө ашырат (салык төлөөчүнүн салык органындагы салыктык жана эсептик катталуу фактысын; салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү).Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө укуктуу:
 
  • салык контролун жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн салыктын жогоруда көрсөтүлгөн түрлөрү боюнча салык төлөгөнү боюнча документтерди берүүгө;
  • банк мекемелери болбогон алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарда салык төлөөчүлөрдөн КР Өкмөтү белгилеген тартипте
  • салык үчүн төлөнгөн накталай акча каражаттарын кабыл алууга. Жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мындан ары КР Административдик жооп керчилик тууралуу кодексинин 534-1-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынан мыйзам талаптарын аткарбаганы үчүн административдик жазапулдарды салууга укуктуу.
  • Буга байланыштуу кабыл алынган Мыйзам менен салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды толук кандуу аткаруусу үчүн алардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралган.