Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматына дайындоо тууралуу

2016-06-12 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.Бул Мыйзам айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматына дайындоо маселелери боюнча мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана коллизияларды болтурбоо максатында кабыл алынды. Айталы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 51-беренесинин 3-бөлүгүнүн мурдагы редакциясына ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын айыл өкмөтүнүн башчысы өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин дайындачу.

Ошол эле маалда “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын 2-беренесинин төртүнчү абзацына ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызматы административдик муниципалдык кызмат болуп эсептелет. Ага айыл өкмөт башчысы өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча эмгек келишимин түзүү жолу менен дайындайт. Көрүнүп тургандай, бул мыйзамда административдик муниципалдык кызматка дайындоонун мөөнөтү белгиленген эмес. Бул болсо жогоруда аталган мыйзамдар ортосунда укуктук коллизияны жаратты.Бул коллизияны болтурбоо максатында кабыл алынган Мыйзам менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ал жерде айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары үчүн дайындоо мөөнөтү алып салынган.
 
Анткени айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары конкурстун натыйжалары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалган муниципалдык кызматчы болуп саналат.Кабыл алынган Мыйзам “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын нормаларындагы айыл башчысы кызматына дайындоо бөлүгүндөгү мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеги коллизияларды четтетүүгө багытталган. Мындан тышкары кабыл алынган Мыйзам менендагы бир нерсе белгиленди: эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган учурда, айыл башчысы кеңеш берүүчү добуш укугу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми шаардык кеңештин жыйналыштарына - тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо катышууга укуктуу. Анткени бул кызмат айыл өкмөтүндө гана эмес, ошондой эле бир нече калктуу конушту – айылдарды камтыган шаарлардын мэрияларында да бар.