Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Берилген ыйгарым укуктар жөнүндө

2016-11-05 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ “Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду. Мыйзамдын концепциясы төмөнкүлөргө багытталат: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү боюнча конституциялык принципти ишке ашыруу; берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды бөлүп берүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу КР Конституциясынын 113 беренесинин 2-бөлүгүндөгү талапты ишке ашыруу.

Ушул тапта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү мыйзамсыз жана мамлекеттик орган менен келишим түзбөстөн, ошондой эле финансы-материалдык жана башка ресурстар менен камсыздалбастан иш жүзүндө төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарышууда: жарандарды каттоого алат, белгиленген тартипте жарандарды каттайт жана каттоодон чыгарат, шайлоочулардын тизмесин түзөт; жарандык абалдын актыларын каттайт; нотариалдык иштерди жасайт; аскер кызматына милдеттүүлөрдү алгачкы каттоого алат, аскердик каттоого тургузат, каттоодон чыгарат, аскер кызматына чакыруу иштерине көмөктөшөт; салык чогултат; статистика жүргүзөт ж.б. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесин аткарууга байланыштуу кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкү тармактык мыйзамдарга жана кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” КР Мыйзамы, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КР Мыйзамы, “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” КР Мыйзамы, “Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө” КР Мыйзамы, “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” КР Мыйзамы, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” КР Мыйзамы, “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө” КР Мыйзамы, «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” КР Мыйзамы, “Нан унун байытуу жөнүндө” КР Мыйзамы, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” КР Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” КР Мыйзамы, “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” КР Мыйзамы, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” КР Мыйзамы, “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө” КР Мыйзамы, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” КР Мыйзамы, “Качкындар жөнүндө” КР Мыйзамы, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” КР Мыйзамы, “Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө” КР Мыйзамы, “Озон катмарын коргоо жөнүндө” КР Мыйзамы, “Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө” КР Мыйзамы, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” КР Мыйзамы, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” КР Мыйзамы, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” КР Мыйзамы.