Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызмат көрөтүүлөрдүн стандарттары жөнүндө

2016-11-04 / Мыйзам жаӊылыктары

Мыйзам жаңылыктары

2016-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду. Кабыл алынган Мыйзам муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу жана стандартташтыруу максатында иштелип чыкты. Буга байланыштуу “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесинин ченемдерин тактоо каралган. Ага ылайык, мындан ары муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн Базалык реестрине кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Ал эми муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинин стандарттарын тийиштүү жергиликтүү кеңеш бекитет.