Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Административдик жол-жоболорго байланыштуу жарандардын кайрылуулары жөнүндө

2016-11-04 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган Мыйзам “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” КР Мыйзамынын 96-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Мисалы, аталган Мыйзамдын 96-беренесинин 4-бөлүгүндө “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” КР Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамы административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууга байланышпаган жарандардын кайрылууларын кароого тиешелүү бөлүгүндө гана колдонулат деп аныкталган. Аны менен катар административдик жол-жоболор дегенде администрациялык органдын кызыкдар адамдын арызынын, администрациялык органдын демилгесинин негизинде укуктарды жана/ же милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу, анын ичинде административдик актыны берүү, же болбосо кызыкдар жакты, анын мүлкүн каттоо же эсепке алуу, же болбосо мамлекеттик бюджеттин эсебинен мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктөн акча каражаттарын, башка мүлктү берүү жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча аракеттерди түшүнсө болот. Ошентип кабыл алынган Мыйзам менен “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын 5-беренесине толуктоолорду киргизүү каралды. Ага ылайык, бул Мыйзам административдик жол-жоболорго байланыштуу кайрылууларга жайылбайт. Анткени мындай кайрылууларды кароо тартибин “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” КР Мыйзамы жөнгө салат.