Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Электрондук форматта тооруктар жана аукциондор жөнүндө

2016-11-05 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ “Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 18-майында кабыл алган.

Мыйзамдын максаты – электрондук форматта тооруктарды жана аукциондорду өткөрүү үчүн укуктук негиздерди түзүү. Буга байланыштуу Мыйзам Өкмөт аныктаган тартипте электрондук форматта төмөнкүдөй тооруктарды жана аукциондорду өткөрүүгө шарт түзө турган Жер кодексине, “Муниципалдык жана коомдук менчик жөнүндө” мыйзамга, Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучуларынын статусу жөнүндө” мыйзамга, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөйт: жер тилкелерин менчикке же пайдаланууга сатуулар; муниципалдык мүлктү сатуу боюнча аукцион жана муниципалдык менчиктеги объектилерди пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча аукцион; камактагы мүлктү, камакка алуунун негиздерине жана түрүнө карабастан, мыйзам боюнча айландыруудан аланып салынган мүлктөн башкасын, сатуу боюнча тооруктар (аукциондор); өндүрүп алууга жаткан кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча тооруктар (аукциондор).