Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Күнөскана чарбасы жана тамчылатып сугаруу жөнүндө

2016-11-07 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алган. Мыйзам күнөскана чарбасын өнүктүрүүгө зарыл инфраструктураны түзүүгө жана тамчылатып сугаруу системасын киргизүүгө багытталган. Ушул максатта Мыйзам Жер кодексине жана «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттери жабык грунт (күнөскана) шарттарында айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жана тамчылатып сугаруу системасына өтө чоң кызыгуусун билдирип жатат. Жабык грунт жана тамчылатып сугаруу шарттарында зарыл болгон жумуштарды сапаттуу жүргүзүү үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү керек. КР Жер кодексинин 74-беренеси нин 2-пунктунун мурдагы редакциясы жана “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 11-беренеси өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринде имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салган. Буга байланыштуу аталган Мыйзам күнөскана чарбасын жана тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү, бул үчүн зарыл инфраструктураны түзүү боюнча зарыл болгон шарттарды камсыздоо максатында кабыл алынган.