Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасы жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартиби бекитилдиЖергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасы жана текшерүүл

2016-11-08 / Мыйзам жаӊылыктары

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы №398 Токтому менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын 15 беренесинин 3-бөлүмүн ишке ашыруу максатында “Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасы” жана “Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартиби” бекитилди: Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталат: текшерүүлөрдү эсепке алуу китебин жүргүзүү; ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын текшерүүлөрүн каттоо жана эсепке алууну жүргүзүү ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартибине ылайык ишке ашырылат.

Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун ТАРТИБИ

  • Ушул Тартип мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрүн каттоо жана эсепке алуу эрежелерин аныктайт.
  • Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурат, жүргүзөт жана расмий документ болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен аны жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу адам дайындалат.
  • Шаар кеңеши жана шаардын мэриясы текшерүүлөрдү эсепке алуунун өзүнчө китебин жүргүзүшөт. Айыл кеңеши жана айыл өкмөтү текшерүүлөрдү эсепке алуунун бирдиктүү китебине же өзүнчө китебине ээ болушу мүмкүн.
  • Текшерүүлөрдү эсепке алуу китеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча жүргүзүлөт.
  • Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин ар бир барагына номер коюлат жана боо тагылат, тигилген барактардын саны иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкердин колу менен күбөлөндүрүлөт жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мөөрү басылат.
  • Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы текшерүүнү жүзөгө ашыруу башталганга чейин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинде катталууга милдеттүү.

Бул учурда текшерүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, текшерүүнүн предметин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган нын ишин текшерүү жөнүндө чечиминин (тескеме, буйрук, көрсөтмө) көчүрмөсүн берүүгө тийиш. Текшерүүчү (лөр) жөнүндө маалыматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине жазылат жана ага текшерүүчү кол коёт.

  • Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине катталбай туруп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин текшерүүгө жол берилбейт.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан текшерүүлөрдү каттоо китебин алып коюуга тыюу салынат. Зарыл болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет.
  • Текшерүүлөрдү эсепке алуу китеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 токтому менен бекитилген Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин типтүү тизмесинин 60-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында сакталат жана белгиленген тартипте архивге тапшырылат.