Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө

2017-03-27 / Мыйзам жаӊылыктары

2017-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Кабыл алынган Мыйзам менен “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоожөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, укукту белгилөөчү документтерди чыгарган органдар Кадастр департаментинин жергиликтүү каттоо органына ошол документтерди милдеттүү түрдө берүүгө (электрондук жана кагаз жүзүндө) тийиш.

Ошондой эле мындай документ терди бербегени же өз убагында жибербегени үчүн санкцияларды киргизүү каралган. Муну менен мындан ары ушул мыйзамга ылайык, кыймылсыз мүлккө укукту белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтерди (жер казына участокторун кошпогондо) жол-жоболоштуруучу жана берүүчү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул документтердин көчүрмөлөрүн беш күндүк мөөнөттө кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарына электрондук жана кагаз жүзүндө жөнөтүүгө милдеттүү болот. Укук белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн бербегени же өз убагында жибербегени үчүн маморган же ЖӨБ органы КР администрациялык мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат. Ошондуктан кабыл алынган Мыйзам менен жооптуу ыйгарым укуктуу адам укук белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн бербегени же өз убагында жибербегени үчүн санкцияларды киргизүү бөлүгүндө Административдик жоопкерчилик тууралуу Кодекске өзгөртүүлөр киргизилет.