Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызмат жөнүндө

2017-03-28 / Мыйзам жаӊылыктары

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жарандардын кесипкөй кызматтык ишинин уланмалуулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29 декабрындагы №709 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому менен төмөнкү жоболор бекитилди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобо. Бул Жобо мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик бош кызмат орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүүнүн шарттарын, тартибин жана кызматка көтөрүлүүнүн жолжоболорун аныктайт. Жобого ылайык, мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылат. Бул жобо ички жана Улуттук кадрлар резервдеринде турган адамдардын арасында конкурс жана ачык конкурс өткөрүү шарттарынын тартибин аныктайт. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар. Административдик кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:
 
  • кесиптик билимге; административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына; КР жалпы мыйзамдарын билүүгө;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү, ошондой эле четтилди билүү (зарыл болгондо);
  • тиешелүү чөйрөдө билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын типтүү кызматтык нускамасы.
  • Типтүү кызматтык нускама тигил же бул кызмат орундарына талапкерлерге карата квалификацилык талаптарды, кызматчынын иш-милдеттерин, инсандык сапаттарын, анын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилик чөйрөсүн аныктайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобо. Жобо КР мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар түзүүнүн жана иштешинин укуктук негиздерин жана тартибин аныктайт. Улуттук резерв өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) дайындалуучу кызмат орундарын ээлөөдө, ошондой эле саясий кызмат орундарына дайындоодо колдонулушу мүмкүн. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобо. Жобо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартибин аныктайт. Жобого ылайык, ички резерв – мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо. Жобо айрым административдик кызмат орундарына кирүүнүн өзгөчө тартиби (конкурстан тышкары) белгиленген кызматчыларды кошкондо, мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тутумунда административдик кызматтарды ээлеген кызматчыны ротациялоонун шарттарын жана тартибин аныктайт. Ротациялоо кызматчы которулуп же жылдырылып жаткан кызмат орунуна коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келүү шартында жүргүзүлөт. Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө жобо. Жобо бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөөнүн тартибин белгилейт. Тестирлөө анын катышуучуларынын кесиптик даярдыгын, квалификациясын, КР мыйзамдарын билишин калыс жана ачык баалоо максатында жүргүзүлөт. Жободо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тестирлөөнү уюштуруу боюнча функциялары каралган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби. Тартип мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын жеке маалыматтарын жүргүзүү, сактоо, берүү жана ар кандай башка пайдалануунун, ошондой эле өздүк ишин жүргүзүүнүн эрежелерин аныктайт. Жеке маалыматтар купуя мүнөздөгү маалыматтар болуп саналат. Жумуш берүүчүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилиги кызматчылардын өздүк ишинде камтылган жеке маалыматтарды укуксуз пайдалануудан жана жоготуп жиберүүдөн корголушун камсыз кылат. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы №674 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө” Токтому менен төмөнкү жоболор бекитилди.
КР мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо. Мамлекеттик жарандык кызмат жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого мониторинг жүргүзүү үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин буйругу менен жыл сайын маморгандарга жана ЖӨБОго мониторинг жүргүзүү планы бекитилет. Мониторинг планы бекитилгенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде маморганга жана ЖӨБОго жиберилет. МКК жетекчисинин буйругу менен мониторингди жүргүзүү мөөнөтүн белгилөө менен жумушчу комиссия түзүлөт. Мониторингди жүргүзүүдө жумушчу комиссиянын курамына башка мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун кызматкерлери киргизилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык текшерүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо.
Ушул Жобо мамлекеттик жарандык кызматчылардын же муниципалдык кызматчылардын тартиптик жоруктарды жасаган фактылары боюнча кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт.Эгерде кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча атайын бөлүм жок болсо, анда териштирүү мамлекеттик кызматчы иштеген мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси түзгөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүү жана материалдык зыяндын ордун толтуруу тартиби. Ушул тартип мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын маалыматтык базасын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, ошондой эле мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын ордунтолтуруунун негиздерин аныктайт.
Маалыматтык базаны түзүүнүн жана колдонуунун максаты болуп мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана жалпылоо саналат. Бул маалыматтар кийин Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында жарыяланат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди өткөрүп берүү тартиби жана аларды сатып алуу эрежелери жөнүндө жобо. Ушул Жобо КР мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат орунун ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга,кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди өткөрүп берүү тартибин жана аларды сатып алуу эрежелерин аныктайт. Жобого ылайык, тарыхый, көркөм, илимий, маданий же эстетикалык баалуулукка ээ болгон, жалпы көрүү үчүн багытталган буюмдар белектер деп эсептелет.