Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматчынын стажы жөнүндө

2017-03-29 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы №8 “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобо бекитилди.

Жобого ылайык, мамлекеттик кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өтөгөн кызматынын жалпы узактыгы мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажы деп түшүнүлөт. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайынкы үстөк акыны төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын курамы, ошондой эле анын иш тартиби мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.