Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөтүнүн башчыларын жана мэрлерди шайлоо жөнүндө

2017-03-30 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6 январындагы №3 Токтому менен “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобо бекитилди. Жобо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Жобо айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерди каттоо, шайлоолорду уюштуруу, өткөрүү, добуш берүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо жыйынтыктарын аныктоо, аларды жарыялоо, кайра шайлоо өткөрүү ж.б. тартибин аныктайт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 Токтому менен “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобо бекитилди. Жобо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Жобо шаардын мэри кызматына талапкерди каттоо, шайлоолорду уюштуруу, өткөрүү, добуш берүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо жыйынтыктарын аныктоо, кайра шайлоо өткөрүү, шаар мэрин шайланбай калуусунун кесепеттерин, шайланган шаар мэринин кызматка киришүү тартибин аныктайт.