Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Турак жай кооперативи: батир маселесин чечүү үчүн өз ара биригүү

2017-07-07 / Шаардагы турак жай
Турак жай кооперативи: батир маселесин чечүү үчүн өз ара биригүү

Кыргызстанда турак жай шарттарын жак­шыртууну каалаган адамда тандоо вари­анттарын көп эмес. Жаңы турак жайды сатуу тууралуу сунуштар биздин рынокто бир түрдүү жана алардын дээрлик баары куруучу­лар – жеке фирмалардан. Бул фирмалар сатып алуучуларга бүтө элек курулуштун үлүшкөрү болууну сунушташат. Мындан тышкары пайда­нын артынан түшкөн куруучулар курулуш мате­риалынын сапатынан гана эмес, ошондой эле инфраструктураны көрктөндүрүүдөн, коомдук мейкиндиктен жана үй жашоочулары үчүн кыз­мат көрсөтүүлөрдөн да үнөмдөп калууга аракет жасап жатканы жан кейитет. Мындай үйлөрдүнкороолорунда чакан балдар аянтчасын орнот­муш этишет (адатта бул да жок), көзгө илинер-и­линбес көк майсан бар (“жашылдандыруу” деп айтыш үчүн), калган орундун баарын машинелер ээлеп алган. Атүгүл подъездер жана тепкичтик ачык жерлер стандарттарды сактабастан долбо­орлонот. Мына ошондой кырдаалда жашоочулар колдо болгонду өзгөрткөндөн башка айласы кал­бай калат. Ошондуктан өзүн өзү уюштуруу жана кооператив турак жайынын курулушу бүгүнкү күндө Кыргызстандын шаарлары үчүн өзгөчө ак­туалдуу болуп турган кез.

Турак жай кооперативдеринин эки түрү бар, алардын аталыштары өтө окшош, бирок юри­дикалык жана төлөө формасы жагынан алып караганда батир маселесин чечүүдө алар бири биринен олуттуу түрдө айырмаланышат. 
Тактоо үчүн: бул макала ТУРАК ЖАЙ КООПЕРАТИВИ­НЕ гана арналат жана теманы өтө кыска түрүндө гана ачып берет.

Турак жай-топтолмо кооперативи – бул ком­мерциялык эмес бирикме, анын мүчөлөрү даяр кыймылсыз мүлктү сатып алышат1 жана долбо­орго таасир этүү мүмкүнчүлүгү болбойт. Анын негизинде пирамида принциби жатат – биринчи сатып алуучунун карызын экинчи сатып алуучу төлөйт жана буга ылайык экинчинин карызын төлөш үчүн сөзсүз түрдө үчүнчү сатып алуучу керек. Швейцарияда пирамидалык принципке мыйзам менен тыюу салынган.

Турак жай-курулуш же турак жай коопера­тиви – бул адамдардын коммерциялык эмес бирикмеси. Алар өз долбоорунун тапшырыкчы­лары болуп эсептелишет жана долбоорлоо ба­скычында архитектуралык долбооруна таасирин тийгизе алышат. Мындай кооперативдин каты­шуучулары кыймылсыз мүлктү сатуудан пайда алуу максатын көздөшпөйт, алар көз каранды­сыз жана кооперативдин катышуучуларынын туруктуу өсүшүнө кызыкдар эмес. Уставды жана максаттарын биргелешип иштеп чыгышат.Турак жай рыногунун акылга сыярлык түзүмүн­дө кеминде үчтөн бирин сөзсүз түрдө коопера­тивдик турак жай түзүшү керек. Себеби турак жай кооперативдери бир катар социалдык масе­лелерди чечишет. Бул курулуштун финансылык жактан бекем, прогрессивдүү жана туруктуу мо­делдеринин бири. Коммерциялык курулушка са­лыштырмалуу, турак жай кооперативдери курган үйлөр курулуш материалдарынан баштап, үйдү андан кийин колдонууга байланышкан маселе­лерди чечүүгө чейин сапат жагынан айырмала­нышат.

Курулушта кызмат мөөнөтү параметр өтө маа­нилүү – бул объектти эксплуатациялоого бергенучурдан тартып, имараттын толугу менен эски­рип бүткөнүнө чейинки убакыт. Коммерциялык курулушта кызмат өтөө мөөнөтүн 15 жыл, ал эми турак жай кооперативдик турак жайда 25 жыл деп белгиленет. Башкача айтканда, материалдарды жана жабдууларды тандап алуу, конструктивдүү жана экологиялык чечимдер – булардын баары капиталдык ремонтко чейин 25 жыл бою има­ратты эффективдүү эксплуатациялоосун кам­сыздашы керек. Швейцарияда, аны менен катар Цюрих облусунда турак жайдын кооперативдик фонду турак жай фондунун бүтүндөй көлөмүнөн 27% түзөт. Жер бөлүп берүү тууралуу маселе­ни чечип жатканда мамлекет кооператив – бул курулуштун өзгөчө туруктуу формасы болгонун эске алуу менен, дал ушул кооперативдерге ар­тыкчылык берет, участоктун баасын төмөндөтөт, же шаардагы жакшы камсыздалган райондордон жер бөлүп берет.Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси менен турак үй куруу жана тейлөө менен жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участогун менчикке акысыз алууга укугу бар КР жаранда­ры үчүн турак жай курулуш кооперативдерин уюштуруунун тартиби белгиленген. (Турак жай кооперативдерин уюштуруунун жана аларга жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо­дон). Бул жобого ылайык, Кыргызстанда турак жай кооперативдери мамлекеттен участоктор­ду акысыз алууга укугу бар. Бирок чындыгында кайсы бир мамлекет ушундай берешендик жа­саганы тууралуу маалымат азырынча жок. Жер участогу – бул жаңыланбас ресурс, ал атүгүл турак жай-курулуш кооперативдерине да акысыз берилбеши керек.

Сапаттуу турак жай мейкиндиги

Эмне үчүн турак жай кооперативинин мүчөсү болуп, мындай үйдө жашаган жакшы? Себеби долбоорлоо процессинде өз муктаждыктарың тууралуу айтсаң болот (жана айтышың да ке­рек), долбоордун курамына эмнени кошуш ке­ректиги тууралуу чечим кабыл алынып жаткан талкууларга катыша аласың. Натыйжада бала­луу үй-бүлөлөр, бойдоктор, жаш түгөйлөр жана кары-картаңдар үчүн жакшы турак жай шарт­тары түзүлгөн жеткиликтүү үй курулат. Үйдө же чатырда бассейндер, өзүнүн китепканалары, бала бакчалары, театр жана концерт залдары, үйдүн жашоочулары үчүн кафе, жабдууланган устакана, эне-балдар үчүн сауналар жана башка көптөгөн объекттер – булардын баарын коопера­тивдин мүчөлөрү долбоорду даярдагандар үчүн коюлган шарттарга кошо алышат.

Турак жай кооперативдеринин долбоорлору адекваттуу мейкиндик түзөт. Долбоордо жашоочу­лар бош убактысын өткөрө ала турган рекреаци­ялык зоналар болууга тийиш. Жашыл жана жет­киликтүү мейкиндик түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат (мисалы, короодо чакан чарбактар). Ошондой эле кооперативдик турак жайдын долбоорлору коопсуз жашоо же жакшы кошуналык мамилелер өңдүү баалуулуктарды да сунушташат.Мындан тышкары кооперативдер туруктуу энергия жана энергияны үнөмдөө принципте­ри боюнча долбоорлорду талап кылышууда. Ошондой эле жашоочулар жолуга турган же ке­силишүүгө “мажбур” болгон жалпы зоналарды түзүү долбоордун шарты болуп эсептелет. Ми­салы, жамаат болуп чогулуп, көңүл ачуу иш-ча­раларын уюштуруш үчүн ар бир кабатта кеңири коридорлор бар.Стандарттуу шарттардын бири – бул кийим жуучу бөлмө. Анда 6 батирге бир кийим жуугуч машина жана кийим-кечени кургатып, үтүктөш үчүн өзүнчө бөлмө болушу керек. Адатта мын­дай бөлмө биринчи кабатта, ички короону көрүп тургандай жайгашат. Сиз кийимдерди үтүктөп жа­тып, аянтта ойноп жаткан балдарыңызга да көз салып турсаңыз болот.

Ар бир турак жай кооперативи өзүнүн уста­вын түзөт. Айрым кооперативдер чакан мамле­кет катары иш алып барышат. Кооперативдин мүчөлөрү өз ара милдеттерди бөлүшүп алышат жана жамааттын пайдасы үчүн канча бир саат иштеп бериши керек. Бул болсо подрядчыларды тартууга кеткен акчаны үнөмдөөгө жардам бе­рип, жалпынын жыргалы үчүн иш жасап жатам деген сыймыктануу сезимин күчөтөт. Мындай милдеттердин ичинде балдар арасында кон­церттерди даярдоо жана уюштуруу, же коопера­тивдин финансылык эсебин жүргүзүү ж.б. бар. Мындай кооперативдер балалуу үй-бүлөлөр жана кары-картаңдар арасында өзгөчө ийгилик­түү болот. Үй-бүлөлөрдө алагды кылыш керек болгон балдары бар болсо, кары адамдарда убакыт кенен. Обочолонуп жашагысы келгендер үчүн мындай модель туура келбейт.

Турак жай кооперативинде жашоо кошуна­ларды диалогго түртүп, алар көйгөйлүү маселе­лерди чогуу талкуулап, кооперативдин калган мүчөлөрүнүн муктаждыктарын угууга милдет­тендирет. Мисалы, короого отургуч орнотуш үчүн калган жашоочулар менен сөзсүз түрдө талкуу­лаш керек. Материалы, түсү, формасы, баасы жашоочулардын жалпы добуш берүүсү менен чечилет. Албетте бул көп убакытты жана күчтү талап кылат, бирок демократиялык процесстин баалуулугу талкууну уюштуруу кыйынчылыкта­рынан жогору турат эмеспи.

Венанын кооперативдик турак жайы

Социалдык турак жай программасын чечүүнүн уникалдуу жана үлгүлүү мисалдарынын бири – Вена. Өткөн кылымдын 20-жылдарында Австри­янын борбору Вена дүйнө жүзү боюнча эң чоң турак жай программасын ишке киргизе алды. Ушул тапта үй кожолуктардын 62 пайызы суб­сидияланган батирлерде жашашат. Шаар өзү 220 000 турак үйдүн кожоюну болуп эсептелет, бул болсо бардык турак жай фондунун болжол менен 25 пайызын түзөт. Дагы 200 000 жетки­ликтүү ижарага берилчү батирлер турак жайдын коммерциялык эмес ээлеринин менчигинде ту­рат. Тооруктун инновациялык системасынын, мындайча айтканда турак жай ээлеринин кон­курсунун жардамы менен турак жай стандартта­ры жана курулуш сапаты бара-бара оңолду. Бардык субсидияланган долбоорлорду кура­мына архитекторлор, ландшафт дизайнерлери, экологдор, экономисттер жана социологдор кир­ген калыстар тобу баалайт. Мындан улам чечим да төрт критерий боюнча кабыл алынат: архи­тектура, экономика, экология жана туруктуулук. Болгондо да көп жылдар бою дал ушул туруктуу­лук критерий артыкчылыктуу болуп эсептелинип келген.

Конкурстун максаты – архитектуралык, эколо­гиялык жана социалдык сапаттарын бир долбо­орго байлоо. Ушуну менен бирге турак жай ба­ары үчүн жеткиликтүү болуп, ошол эле маалда бардык турак жай райондорунда социалдык көп түрдүүлүктү камсыздоого тийиш. Вена шаары жашоо сапаты боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр­гө жете алганында дал ушул критерийлер боюн­ча турак жай маселеси маанилүү ролду ойноду. Шаар ыкчам өсүп жатканынан улам келечек­те да негизги маселе – интеграция жана шаар иденттүүлүгү темалары. Болгондо да коомдук мейкиндиктеги искусство жаңы райондордун өнүгүүсүнө көмөктөшө алат. Венада көпчүлүк шаардыктар жеке машине­леринен баш тартып, унаа токтотмо жайларына кеткен чыгымдардын ордуна кооперативдер эми көрктөндүрүүгө инвестиция салып жатышат. Ми­салы, балкондорду жашылдандыруу, чатырдын үстүндө бакчаларды жасоо. Мунун баары Вена­нын кооперативдик турак жайында стандартка айла­нып калды.

Вена шаары курулушту экологиялык багытта илгерилетүүгө умтулуп келет. Пластик терезе­лерден баш тартуу, энер­гияны үнөмдөө, “батирге караган” жеке эркин мей­киндик буга мисал боло алат. 20-кылымдын экин­чи жарымында Венанын жашоочулары табияткаумтулуп, эркин мейкиндик издеп шаардын чети­не машинелери жана коомдук транспорттор ме­нен жетишчү. Мунун натыйжасында көчөлөрдө жол тыгындары пайда болуп, бензиндин айынан абага зыяндуу газдар кетчү. Бул болсо шаарда­гы климаттын начарлашына алып келди. Турак жай кооперативдеринин долбоорлорунун арты менен жеткиликтүү сапаттуу рекреациялык зона­лар, жашыл мейкиндиктер түзүлүп, апта соңунда шаардын сыртына барып эс алып келүүгө мук­таждык деле болбой калды. Ошондой эле ойдогудай турак жай шарттарынын түзүлүшү жакшы киреше тапкан үй-бүлөлөрдү шаарда кармап ка­лууга жардам берди. Ошентип шаардын четинде жашагысы келгендердин саны да азайды. Коопе­ративдик турак жайдын ичинде жашоочулардын ушундай көп түрдүүлүгү оң гетерогендүү коом түзүп жатат (из Das Wiener Modell/The Vienna Mode; Wolfgang Fösrter, William Menking; ISBN 978-3-86859-434-8).

Биргелешүү. Өзүн өзү уюштуруу. Туруктуулук. Ачыктык 

Соңку бир нече жылдан бери Берлинге көчүп келгендердин саны, инвестициялардын көлөмү көбөйүп, турак жай таңсыктыгы пайда болуп жа­тат. Жылына Берлинге 40 000ге жакын киши көчүп келет. Ошол эле маалда Берлин жашоо үчүн жа­гымдуу шарттары бар шаар бойдон кала берүүдө. Бул шаарда жашоочулардын кошо катышуусу ме­нен ишке ашкан ийгиликтүү долбоорлор өтө көп. Жашоочуларда өз чөйрөсүн өзү түзүү мүмкүн­чүлүктөрү көп жана алар бул мүмкүнчүлүктөрдү кеңири колдонуп жатышат. Биргелешип куруу жана жашоочу үчүн арналган CoHousing Berlin (www.cohousing-berlin.de) порталында шаар бо­юнча катышууга мүмкүн болгон ишке ашырылган жана пландалып жаткан турак жай долбоорлору тууралуу маалыматтарды табууга болот. Миса­лы, ошондой жарыялардын бири мындай: “Биз­де шаарда участогубуз бар. Биз курулуш үчүн дагы башка жашоо­чуларды издеп жа­табыз. Участокто 55 чарчы метрден 130 м2 чейин 6 батир ку­рууга болот: төртөө үй-бүлөлүүлөр үчүн жана эки батир жаш түгөйлөр же бойдок­тор үчүн. Үнөмдөө, экология жана соци­алдык туруктуулук принциптери боюнча батирлердин аянты чоң болбоого тийиш”.