Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык ишканалар жана муниципалдык заказ жөнүндө

2018-02-12 / Мыйзам жаӊылыктары

2018-жылдын 27-январында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам күчүнө кирди. Кабыл алынган мыйзам 2017-жылдын 1-январынан тартып КР Бюджеттик кодекси иштей баштагандыктан “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” КР Мыйзамы күчүн жоготконуна байланыштуу мыйзамдарда пайда болгон боштуктарды жок кылууга, ошондой эле ЖӨБ органдарынын финансыэкономикалык ишине тиешелүү айрым ченемдерди конкреттештирүүгө жана тактоого багытталган.

Күчүнө кирген мыйзам “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 61-62-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизип, ошондой эле мыйзамды 62-1 жана 62-2-беренелер менен толуктайт. Аталган ченемдерде кабыл алынган Мыйзам:
 
• жергиликтүү жамааттардын финансылык ресурстарын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздеринин объекттер тизмегин конкреттештирет;
 
• ЖӨБ органдарынын муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүү, ошондой эле акционердик коомдорго катышуу максаттарын жана милдеттерин аныктап, тактайт;
 
• ЖӨБ органдарынын муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүү максатын так белгилейт  ЖӨБ органдарынын милдети болуп саналган кызматтарды көрсөтүү үчүн гана муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө уруксат берилет;
 
• ЖӨБ органы менен ал негиздеген муниципалдык ишкананын же акционердик коомдун өз ара мамилелерин, ошондой эле ЖӨБ органдарына таандык болгон акционердик коомдордун акцияларын башкарууну, тескөөнү караштырат;
 
• жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн муниципалдык заказды жүзөгө ашырууга карата ЖӨБ органдарынын укуктарын белгилейт;
 
• жергиликтүү жамаатка дагы да эффективдүү жана ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн ЖӨБ органдарынын мамлекеттик органдар, ЖӨБдүн башка органдары, аймактын өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташуу механизмдерин караштырат.
 
ЖӨБ органдарынын назарына! Мыйзамдагы бул өзгөртүүлөр ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелердин чегинен чыккан бизнес, ишкерчилик менен алектенүүгө укугу барбы деген суроого тактык киргизүүдө. Бул тууралуу толугураак “Муниципалитет” марттын журналынын санда окуй аласыз (№3).