Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери жөнүндө

2018-02-09 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде ишке ашырылуучу административдик жана башка иш-аракеттерди тартипке салуу жана оптималдаштыруу, алардын сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы №26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” Токтому менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүнадминистративдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө Жобо бекитилди.

Өкмөттүн Токтому менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
 
мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгууда электрондук (санарип) форматка которуу жолу менен мамлекеттик жана му-ниципалдык кызматтарды көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболорду (иш-аракеттерди) оптималдаштыруу жана ашыкчасын жоюу жөнүндө маселелерди карап чыгышсын;
 
мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттерин ишке киргизүүнү жана аткарууну камсыз кылышсын;
 
отчеттук кварталдан кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке беришсин.
 
Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдаган, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору