Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкек жана Ош шаарларында ички аудит кызматтары жөүндө

2018-02-20 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ички аудит кызматтарын натыйжалуу иштетүү максатында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүтууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы №33 токтому кабыл алынды.

Токтом менен ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси бекитилди. Бекитилген тизмеге Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары кирет. Ошондой эле ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптар да бекитилди.