Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү

2018-02-21 / Мыйзам жаӊылыктары
Аймактарды башкарууда жергиликтүү  бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү

2018-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө” буйрукка кол койду.

 Президент төмөнкүлөрдү тапшырды:
 
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлсүн.
 
2. Жумушчу топ 2018-жылдын 1-майынан кечиктирбестен ведомстволук аймактарды башкаруу маселелеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин олуттуу күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана берсин. Анын ичинде:
 
• мамлекеттик органдарды башкаруунун азыркы тармактык моделинен аймактыктармактык башкаруу моделине ырааттуу өтүү;
 
• министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата тиешелүү кадрдык ыйгарым укуктарды жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына берүү;
 
• жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатууну караган мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттардын жер ресурстарын башкаруунун жана тескөөнүн сарамжалдуу системасын калыптандыруу;
 
• жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү максималдуу эске алуу жана бийлик органдары менен калктын ортосундагы эриш-аркак байланышты бекемдөө;
 
• жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөөсүнүн так жана ачык жол-жоболору, анын ичинде алардын өз ара мамилесинин так регламенттери;
 
• жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү менен республикалык бюджеттен региондорду өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо жана алардын ишке ашырылышын контролдоо практикасын оптималдаштыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
 
• жергиликтүү бюджеттин кирешелерин администрациялоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджеттердин булактарын көбөйтүү;
 
• жалпы элдик жана мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алып, жергиликтүү өнүктүрүүнү башкаруу процесстеринин сапатын жакшыртууга, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын ролун, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган башка мыйзамдык, уюштуруучулук чараларды көрүү.