Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандардын идентификациялык номерлеринин базасын түзүндө ЖӨБдүн ролу тууралуу

2018-08-20 / ЖӨБ Союзу жооп берет

Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук башкармалыктарынын атынан бир катар айыл өкмөттөрүнө кайрылуулар келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 2018-жылдын 2-июлундагы N 85 буйругуна ылайык айыл аймактары менен биргеликте ар бир менчик ээсинин жеке номерин тактап базага киргизүү милдеттендирилген. Ошондой эле айыл аймактарындагы шайлоочулардын тизмеси менен айыл өкмөтүндөгү чарба китебинде катталган тургундардын тизмеси дал келүүсү керектиги жазылган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук башкармалыктары айыл өкмөттөргө кайрылып, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандардын идентификациялык номерлерин жазууну, тизмелерди ирээтке келтирип, кыска мөөнөттүн ичинде тактап берүүнү өтүнүшкөн. Бир канча айыл өкмөт башчылары кайрылууда көрсөтүлгөн иш өтө көлөмдүү, бир жашоочунун аты-жөнү бир канча кайталанган учурлар бар экендиги жана кыска мөөнөттө аткаруу үчүн айыл өкмөтүнүн бир канча кызматкери өзүнүн түзмө-түз милдетин токтотуп, бир-эки ай Мамлекеттик каттоо кызматынын иши менен алектенүүгө туура келүүдө деп белгилешкен. Ошондон улам айыл өкмөт башчылары Союзга кайрылып, мындай маанидеги кайрылууларга юридикалык жактан туура жооп берүүгө көмөктөшүнү өтүнүштү.
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы N 128 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жобого ылайык калкты жана жарандык абалдын актыларын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо системасын уюштуруу, мамлекеттик жер кадастрын
жүргүзүү Мамлекеттик каттоо кызматынын түздөн түз милдети болуп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет.
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин алтынчы бөлүгүнүн экинчи пунктуна ылайык жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылышына көзөмөлдү
жүзөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга кирет.
 
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бир убакта аларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык же башка ресурстарды, анын ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди (субвенцияларды) караган учурларда гана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө жол берилет.
 
Жогоруда аталган Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык башкармалыгынын кайрылуусундагы мамлекеттик ыйгарым укукту айыл өкмөтү мыйзам же келишим аркылуу тиешелүү орган өткөрүп берген учурда гана аткара алат. Ошол себептен аталган тапшырманын айыл өкмөтү тарабынан аткарылышы мыйзамга каршы келгенине байланыштуу, аны аткаруу мүмкүн эместигин белгилейбиз. Мамлекеттик органдар менен кызматташуу жана маалымат менен бөлүшүү максатында, жарандардын жеке номерлерин жана тизмелерин тактоо үчүн айыл өкмөтүндө болгон чарба китептериндеги маалыматтарды бөлүшсөңүздөр болот.
 
Төш белги тууралу 
26-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу
жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. Бул мыйзамда төш белги берүүнүн жол-жобосунан башка дагы эмне каралды?
 
2018-жылдын 26-июлундагы N71 Мыйзамы менен “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүү киргизилди, ага ылайык депутаттын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүлөрү, ошондой эле алар
жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилет деп каралган. Өзгөртүүгө чейин депутаттардын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүлөрү, алар жөнүндөгү Жобо мыйзам аркылуу бекитилет деген редакция болгон. Мындан башка өзгөртүү каралган эмес.
 
Ижара жөнүндө 
Биз 49 жылга 8 га жерди ижарага берген элек. Бирок мөөнөтү бүтө электе ижарага алуучу баш тартты. Ушул баш тартуунун негизинде мурда чыккан токтомду өз алдынча жокко чыгарууга укугубуз барбы?
 
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62-беренесинин 13-пунктуна ылайык, жер участогунун ижара келишими бузулганда жер участогуна укук токтотулат. Жер участогуна укук токтотулган учурда аны пайдаланууга берүү тууралуу токтомду айыл өкмөт тарабынан күчүн жоготту деп табуу зарыл.