Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында “Жергиликтүү демилге” конкурсунун женүүчүлөрүнн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын чечими

2018-09-07 / Жеңүүчүлөр

Конкурстук комиссиянын курамы: • В. А. ИСАЛИЕВА, КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын Уюштуруу иштери, ЖӨБ органдарына усулдук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү Башкармалыгынын башкы адиси; • Р. М. ГАЙБУЛИНА, “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсынын директору; • А. М. МУСАЕВА, Долбоордун өкүлү; • А. К. ИСМАИЛОВ, Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү; Конкурстук комиссия пилоттук региондордун укугу бар катышуучуларынан түшкөн 75 өтүнмөнүн ар бирин жекече карап жана баалап чыгып, төмөнкүдөй ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ:

Төмөнкүү өтүнмөлөр “Жергиликтүү демилге” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп таанылсын:
 
  • 1-орун – “Башаламан ыргытылган таштанды жеринде эс алуу үчүн сейил бак”, өтүнмөнүн ээси – К. ЖУНУСОВА, Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак ААнын жергиликтүү жамаатынын лидери – 150 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
  • 2-орун – “Жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу”, өтүнмөнүн ээси – А. ТОКТОСУНОВА, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү АА – 100 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
  • 3-орун – “Балдар үчүн парк”, өтүнмөнүн ээси – К. БЕЙШЕНКУЛОВ, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап АА – 50 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
  • 3-орун – “Үй-бүлө, мектеп жана коом”, өтүнмөнүн ээси Р. ЮЛДАШЕВА, орто мектептин мугалими, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк АА – 50 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
Төмөнкү жергиликтүү демилгелерди белгилеп, 13 өтүнмөгө 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелер берилсин:
 
  • “Таза суу – жашоо булагы”, өтүнмөнүн ээси – К. НАСЫБАЛЫ уулу, АӨ башчысы, Байзак АА, Нарын облусунун Жумгал району;
  • “Балдар үчүн аянтча”, өтүнмөнүн ээси – Г. ИСАЕВА, жергиликтүү жамааттын лидери, Казан-Куйган АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • “Мыкты көчө”, өтүнмөнүн ээси – Б. КОНУРБАЕВ, АӨ адиси, Ылай-Талаа АА, Ош облусунун Кара-Кулжа району;
  • “Көпүрөнүн курулушу”, өтүнмөнүн ээлери – Ч. ЖУСУПОВА, бала бакчанын директору; ИСАКОВ О., айылдык кеңештин депутаты, Көк-Жар АА, Ош облусунун Ноокат району;
  • “Айылдын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу”, өтүнмөнүн ээси – Б. ӨМҮРКУЛОВ, жергиликтүү жамааттын лидери, Ат-Башы АА, Нарын облусунун Ат-Башы району;
  • “Жаштардын лидердик сапаттары”, өтүнмөнүн ээлери – М. АКЖОЛОВА, Т. МАЛИКОВ, АӨ адистери, Жазы АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • “Сейил багын жаштар үчүн эс алуу жайына айландыралы”, өтүнмөнүн ээси – Ж. АБДРАИМОВ, жергиликтүү жамааттын лидери, Чаек АА, Нарын облусунун Жумгал району;
  • “Көпүрөнүн курулушу”, өтүнмөнүн ээси – М. КАБЫЛБЕК уулу, жаштардын лидери, Ак-Тал АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району
  • “Жаштар радикализмге жана экстремизмге каршы”, өтүнмөнүн ээси – Ш. АТАХАНОВ, окутуучу, Нариман АА, Ош облусунун Кара- Суу району;
  • “Тарыхты окуп, өткөн чакты биле жүрөлү”, өтүнмөнүн ээси – Т. БОСТОНБАЕВА, бала бакчанын директору, Кызыл-Суу АА, Ош облусунун Кара-Суу району;
  • Айылды өнүктүрүү фонду калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам берүүдө”, өтүнмөнүн ээси – Н. АКМАТАЛИЕВ, фонддун жетекчиси, Куршаб АА, Ош облусунун Өзгөн району
     
    “Балдар, ата-энелер жана жамаат – келечекти бирге курабыз”, өтүнмөнүн ээси – У. ИСАКОВА, бала бакчанын директору, Чоң-Алай АА, Ош облусунун Чоң-Алай району;
     
    “Жолдордун ремонту”, өтүнмөнүн ээси – Э. БАЙМАТОВА, мугалим, Баш-Кайыңды АА, Нарын облусунун Ат-Башы району
Төмөнкү жергиликтүү демилгелерди белгилеп, 6 өтүнмөгө 12 500 сом көл шыктандыруучу сооротуучу байгелер берилсин:
 
  • “Жайлоодогу бала бакча”, өтүнмөнүн ээси – А. АБДУКАРИМОВА, бала бакчанын директору, Ак-Жар АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • “Элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү”, өтүнмөнүн ээси – А. ТИЛЕКМАТОВА, клубдун башчысы, Учкун АА, Нарын облусунун Нарын
    району;
  • “Тазалык – маданияттуу коомдун белгиси”, өтүнмөнүн ээси – М. ИЛЬГЕЛДИЕВА, мугалим, Мангыт АА, Ош облусунун Араван району;
  • “Айылдын өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү”, өтүнмөнүн ээлери – С. АРПАЧИЕВА, Э. КАСЫМБЕКОВА, АӨ адистери, Он-Арча АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • “Айылды өнүктүрүү” конкурсу, өтүнмөнүн ээси – А. ОМУРОВ, АӨнүн жооптуу катчысы, Ак-Муз АА, Нарын облусунун Ат-Башы району;
  • “Аялдарды бизнес жасоого тартуу”, өтүнмөнүн ээси – У. ГОИПОВА, жергиликтүү жамааттын лидери, Гүлистан АА, Ош облусунун Ноокат району
Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) ушул Протоколго бардык тараптар кол койгондон кийин үч күндүн ичинде конкурстун жыйынтыктарын Долбоордун сайтына жана “Муниципалитет” журналына жарыяласын. Долбоорго жеңүүчүлөрдү жазуу түрүндө кабардар кылуу жана байге фондун колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилсин. Долбоорго ушул конкурстун шарттарына ылайык байгенин суммасына материалдык-техникалык каражаттарды сатып алуу тапшырмасы берилсин.
 
Комиссия мүчөлөрүнүн кол тамгалары:
Комиссиянын төрайымы А. Мусаева
Комиссиянын мүчөлөрү:
В. А. Исалиева, Р. М. Гайбулина,
А. К. Исмаилов
Бишкек ш., 2018-жылдын 15-октябры