Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Салттарды жана тарыхый мурасты сактап калуу

2018-09-07 / Маданият жана тарых
Салттарды жана тарыхый мурасты сактап калуу

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Азыркы жаштар барган сайын өз элинин маданиятын, салт санааларын жана адаттарын унутуп баратат. Өз бабаларынын санжырасын, аталары басып өткөн тарыхы билген улуу муундун өкүлдөрү дээрлик калбай калды. Өз тарыхын билген жана ал унутулуп баратканын көрүп жаткан адамдар буга өкүнүчүн билдирип, көптөгөн чогулуштарда жана майрамдарда бул маселени көтөрүп чыгышып, сунуштарын берип келишти. Бирок эч кандай чара көрүлбөй жатты. “Тарыхы болбой эл болбойт” деп жөн жеринен айтылбаса керек. Ата-бабалар басып өткөн жол унутта калбашы үчүн, аны урпактар кастарлап, биле жүрүшү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, демилгелүү топтор демөөрчүлөр менен биргеликте салттарды жана маданий мурасты сактап калуу боюнча демилгени көтөрүп чыгышты. Бул көйгөйдү көтөрүп чыгууда демилгелүү топтун өкүлдөрү, айыл өкмөт башчысы жана “Султанмурат” бала бакчасынын жамааты чоң ролду ойноду. Алардын жардамы менен ири иш-чара уюштурулду.

Айылдардын саны 
Калктын саны  5 820  
Жылдык бюджети 6 023,5 миң сом

Эмнелер жасалды?

Бул демилгени ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, демилгелүү топтун өкүлдөрү жана лидерлер менен биргеликте ишчаралар планы түзүлүп, 2018-жылдын 24-августунда “Басып өткөн жолубузду улуу тарыхтан таанып билебиз” деп аталган долбоор ишке ашты. Этнобуюмдардын, кийимдердин, санжыра тууралуу китептердин, жергиликтүү эл сактап калган ырлар жана обондордун, ошондой эле жергиликтүү чеберлердин жана жыгач усталардын колунан чыккан буюмдардын көргөзмөсү долбоордун өзөгүн түздү. Бул долбоор балдарды жана жаштарды тарыхта калган каада-салттар менен тааныштыруу максатын көздөдү. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында демилгелүү топко ата-энелер жана бала бакчанын жамааты, ошондой эле айыл өкмөт башчы колдоо көрсөтүштү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жигердүү жарандар менен биргеликте айылда сакталып калган этнобуюмдарды чогултуунун ыкмаларын жана иш-чараны өткөрүү үчүн финансы каражаттарын издөө жолдорун иштеп чыгышты. Бул демилгени ишке ашырууга бала бакчанын жамааты, анын тарбиялануучулары, айыл аксакалдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коноктор тартылды. Айылдаштардын пикирин билип, алардан кеп-кеңеш алуу максатында калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү – бала бакчада ата-энелердин чогулуштары, эл көп чогулган жерлерде жыйындар өттү. Санжыраны билген улуу муундун өкүлдөрү барган сайын азайып баратканы белгиленип, алардын билген-уккандарын жаздырып калууга үлгүрүш керек деген сунуштар эсепке алынды. Этнокийимдер, балдар үчүн кыргыз улуттук кийимдер тигилип, кыргыз элдик ырлары жазылып, улуттук тамактар жасалды. Көчмөн кыргыздардын турмушун баяндаган көргөзмөлөр уюштурулуп, ыйык жерлердин сүрөттөрү менен буклеттер басып чыгарылды. Кол өнөрчүлөрдүн жана жыгач усталардын буюмдары да колдонулду. Үч боз үй жасалгаланып, бир алачык тигилди. Бардык зарыл болгон материалдарды жергиликтүү эл жана бала бакчанын жамааты берди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болсо музыкалык жабдууну берип, транспорт маселесин чечти. Идеяны ишке ашырууга ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташтык чоң таасирин тийгизди. Себеби аталган долбоор жергиликтүү калктын демилгелерин ишке ашырууга жардам берди.

Жыйынтыгы кандай болду?

Муундан муунга, жаш-карыга карабай баарына ата-бабаларыбыз басып өткөн жолду баяндап берүү, жаштарга тарыхты жеткирүү жана аны сактап калуу долбоордун башкы максаты болду. Бул долбоор аз да болсо өсүп келаткан муунга тарых эмне экенин түшүнүп, баамдай алууга жардам берди. Улуу муундун өкүлдөрү жоголуп бараткан тарыхты сактап калуу үчүн “Улуу тарых унутулбайт” деп аталган чакан музейди ачышып, этнобуюмдарды сактамай болушту. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары четте калбай, кайдыгер карап турбастан жабдуулар жана транспорт менен болушунча жардам бергени өтө маанилүү болду. Бардык колдо болгон этнобуюмдар музейге өткөрүлүп берилип, жергиликтүү бийлик жана билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти. Бул долбоор ЭлТР жана “Ынтымак” телеканалдарында, ошондой эле Интернетте да чагылдырылды.

Эл болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, демилгелүү топторго жана уюштуруучуларга ыраазы болуп, жашоочулардын аларга болгон ишеними артты. Жергиликтүү эл дагы бир топ маселелерди ЖӨБ органдары менен кызматташып чечүүгө кызыкдар экенин билдирди. Алар бул иштер биргелешип, мунаса табуу жолу менен чечиле турганын белгилешти. Бул долбоорго бала бакчада тарбия көргөн наристелер да катышканы тургундарды кубандырып, долбоорго болгон кызыгуусун ого бетер арттырды. Алар ошондой эле бул демилгени токтотпостон, андан ары улантып, улуу тарыхтын жаңы барактарын ачуу аракеттери жасала берээрин белгилешти. Негизинен жергиликтүү демилге жаш муунду өз тарыхын урматтап, муундан муунга өткөрүп туруусуна багытталган болчу. Жеткинчектер эмне үчүн тарыхты билүү маанилүү экенин түшүнүшү керек. Алар улуу тарых дайыма бизди жандап жүрөөрүн, тарыхын унуткан эл жоголоорун билиши абзел. Жаштар унутула баштаган улуттук каада-салттар менен таанышып, ата-бабаларыбыз кийген кийимдерди, колдонгон буюмдарды көрө алышты.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылдык аймагы Телегей БОСТОНБАЕВА