Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Административдик-аймактык реформа тууралуу

2018-11-07 / Мыйзам жаӊылыктары

2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганына байланыштуу 2018-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин №189 «Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы чыккан.

Президенттин Жарлыгында мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун системасын өркүндөтүүгө багытталган чараларды ырааттуу ишке ашырууну талап кылган Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маанилүү милдети деп эсептелинет. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2018-жылдын сентябрынын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерин, тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди курамына киргизип, административдик-аймактык реформа боюнча жумушчу топту (мындан ары - жумушчу топ) 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө төмөнкү милдеттерди жумушчу топтун алдына коюу менен түзүү сунушталган: региондук саясаттын жана административдик-аймактык реформанын кабыл алынган концепцияларын ишке ашырууга, социалдык-экономикалык райондоштуруунун негизинде административдик-аймактык түзүлүштү реформалоонун сунушталган чараларынын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн; Кыргыз Республикасынын административдикаймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасы иштелип чыксын жана бекитилсин.

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №513 Токтому менен Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата Программасы жана Өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер Планы бекитилген. Программа жарандардын турмушунун сапатын жакшыртууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында реформаларды андан ары ишке ашыруу үчүн иштеп чыгарылган. Программада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында каралган максаттар эске алынган. Программа макулдашылган көз караштарды, максаттарды, артыкчылыктарды, милдеттерди, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну 2018-2023-жылдары өнүктүрүүгө багытталган негизги чараларды аткаруу боюнча кызыкдар тараптардын ишин координациялоого арналган.

Программанын максаты: 2023-жылдын аягына жоопкерчиликтүү жергиликтүү жамааттар жана туруктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара, мамлекеттик башкаруу органдары менен тыгыз аракеттенүү менен жарандардын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртышат. Артыкчылыктуу багыттар: 1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу деңгээлдерин жогорулатуу. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыз кылынышын, туруктуулугун жана кадыр-баркын чыңдоо. 3. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо.

Соттолгондорго социалдык жардам тууралуу

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №536 Токтому менен Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселеcи боюнча түзөтүү мекемелери менен өз ара аракеттешүү тартиби бекитилген. Ушул Тартиптин максаты бошонууга даярданып жаткан соттолгондордун жана түзөтүү мекемелеринен бошонгон, турмуштагы оор кырдаалга туш болгон адамдардын социалдык маселелерин чечүүдө ведомство аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Тартипке ылайык, жумушсуздук боюнча жөлөк пул албаган түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жумуш берүүчүлөр иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматтын органдары менен биргеликте «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштурушат.

Нуржан МАМЫРАЛИЕВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору