Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Башкаруу органдарынын натыйжалуулугун баалоо тууралуу

2012-04-30 / МЫЙЗАМДАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР

“Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо жөнүндө.

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” №105 токтому

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана КР ЖӨБО жетекчилеринин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун системалык баалоону ишке ашыруу жана алардын жоопкерчилигин арттыруу максатында Токтом менен Ишмердүүлүктү баалоо методикасы жана Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо үчүн базалык көрсөткүчтөрдүн Тизмеси, ошондой эле

“Калктын ишеним индекси” тууралуу Жобо жана Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө карата калктын ишеним деңгээлин аныктоо боюнча Типтүү анкета бекитилди.

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, АӨ арасындагы сынакка төмөнкү номинациялар боюнча премиалык фонд киргизилди:

• “Эң мыкты облус” – беш миллион сом;

• “Эң мыкты район”: I орун үчүн – төрт миллион сом, II орун үчүн – үч миллион сом;

• “Эң мыкты айыл өкмөтү”: I орун үчүн – беш миллион сом, II орун үчүн – төрт миллион сом, III орун үчүн эки миллион сом.