Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ системасына тиркемеде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу

2012-04-30 / МЫЙЗАМДАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” №7 КР мыйзамы ЖӨБ системасына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптерин киргизет

2012-жылдын 22-февралындагы “Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” №7 КР мыйзамы ЖӨБ системасына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптерин киргизет (буга чейин ЖӨБ органдары мыйзамда эскертилген эмес)

Мыйзамда аныкталгандай, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бул – мамлекеттик өнөктөштүн жеке өнөктөштү объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого тартуу, ошондой эле бар болгон же кайрадан жасалып жаткан объекттерди, анын ичинде инфраструктуралыктарды башкаруу маселелери боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн узак мөөнөттүү (50 жылга чейин) бирге аракеттешүүсү. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик өнөктөш болуп Өкмөт, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, анын ичинде министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрация, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана муниципалдык ишканалар чыгат. Жеке өнөктөш болуп КР, же болбосо чет өлкөнүн мыйзамдары боюнча катталган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар, же ушундай юридикалык жактардын бирикмелери чыкса болот.