Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Административдик-аймактык реформа тууралуу

2019-03-06 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-сентябрындагы №189 “Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы №461-б Буйругу менен Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн Жол картасы бекитилген.

КР Өкмөтүнүн бул буйругу менен министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) бир катар чаралар тапшырылган. Анын ичине төмөнкүдөй чаралар кирет:

• административдик-аймактык реформага даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Координациялык кеңешти түзүү;

• азыркы баскычта жана совет мезгилинде Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнө байланышкан реформаларга тарыхый талдоо жүргүзүү;

• чек аралаш өлкөлөрдүн чектеш аймактарындагы административдик-аймактык реформалардын эл аралык тажрыйбасына салыштырмалуу анализ жүргүзүү, мында түрдүү ыкмаларды мүмкүн болушунча көбүрөөк камтуу жана реформалоодо принципиалдуу позицияларды системага салуу;

• аймактарды өнүктүрүүнү пландоонун учурдагы системасына жана анын башка деңгээлдердеги ушундай эле процесстери менен өз ара байланышына усулдук талдоо жүргүзүү;

• административдик-аймактык түзүлүштүн моделдерин коомдук талкууга чыгаруу жана башкалар.