Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Бюджет жана бюджет аралык мамилелер тууралуу
“Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыкабыл алынды (2018-жылдын 26-декабрындагы №112 мыйзам).
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2397-VI токтому менен бекитилген 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясынын жана 2020-2021-жылдарга божомолунун негизги артыкчылыктарын жана багыттарын аныктайт. Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөө гранттарынын өлчөмдөрү чыгашалардын 2000300,0 миң сом жалпы суммасында бекитилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2020-2021-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөө гранттарынын өлчөмдөрүнүн болжолу жактырылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча чечим кабыл алган учурда 2019-2021-жылдарга теңдөөчү гранттардын көлөмүн өзгөртүү бөлүгүндө Мыйзамда чектөөлөр каралды. Ошондой эле Мыйзам менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз кирешелерин (жер салыгы, мүлк салыгы, жерлерди жана мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер) көбөйтүүгө дем берүү үчүн республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом каралган. Бул каражаттарды бөлүштүрүү тартибин КР Өкмөтү аныкташы керек. Мындан тышкары Мыйзамда 2019-2021-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн нормативдерин белгилөө бөлүгүндө таблицада берилгендей төмөнкүдөй жаңы жактары каралган.
2019-2021-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн нормативдери



Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелери: тазалыкка жана жоопкерчиликке системалуу мамиле
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кыргызстанда биринчи жолу катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча райондук программалар даярдалып, бекитилди
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №337 “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому
-
№6 (164) / 2025-07-14 Муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли белгиленди
-
№6 (164) / 2025-07-14 Маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон учурда аларды кагаз форматында берүү жана суратуу токтотулат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Пластик калдыктарын башкаруунун жаңы тартиби бекитилди
-
№5 (151) / 2024-06-08 Транспорт каражатын ижарага берүүнүн типтүү келишими











