Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотация тууралуу

2019-03-06 / Мыйзам жаӊылыктары

“Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды (2019-жылдын 2-февралы, № 22).

Мыйзам долбоорунун максаты – айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба маданий өсүмдүктөрүнүн сорттук сертификатталган үрөндөрү менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо жана мамлекеттик дотация механизмин киргизүү аркылуу айыл чарбанын артыкчылыктуу маданий өсүмдүктөрүнүн сорттук сертификатталган үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Мамлекеттик дотациялоо артыкчылыктуу айыл чарба маданий өсүмдүктөрүнүн сертификатталган сорттук үрөнүн себүүгө берүү үчүн үрөнчүлүк чарбаларына чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордун толтурууга бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу суммасы катары аныкталат. Мамлекеттик дотациялоо жайылтылуучу артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрү - күздүк жана жаздык буудай, арпа, кант кызылчасы, пахта, жүгөрү, төө бурчак, беде жана эспарцет. Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотация республикалык бюджеттеги каражаттын эсебинен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик дотациялоо үчүн бөлүнүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын кезектеги финансылык жылга республикалык бюджети жөнүндө мыйзамда каралат. Үрөнчүлүктө артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн мамлекеттик дотациялоону ишке ашыруучу органдар болуп айыл чарба чөйрөсүндө саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) эсептелет. Муну менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары макулдашкан учурда сертификатталган сорттук үрөндөрүнө квоталарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын ишине жана артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүндө мамлекеттик дотация берүүгө багытталган башка иш-чараларга катыша алат.