Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарына юридикалык жардам берүү тартиби тууралуу

2019-03-06 / Мыйзам жаӊылыктары

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы №594 Токтому менен Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартиби бекитилди.

Тартип «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» КР Мыйзамын ишке ашыруу максатында бекитилди жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, башка уюмдардын жана адамдардын ортосундагы натыйжалуу кызматташууну уюштурууга багытталган. Ушул тартиптин максаты жеке жактарга (мындан ары - арыз ээси/алуучу) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды ыкчам жана талаптагыдай көрсөтүү болуп саналат. Мындан ары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктун ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка консультациялык-укуктук жардам берүүдө ушул Тартипти колдонмого алууга тийиш. Бирок бул тартип ЖӨБ органдары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 20-беренеси талап кылгандай калкка укуктук консультацияларды кантип уюштурушу керек деген суроого жооп бербейт. Тартип бул суроого кыска гана жооп берет: “Консультациялык-укуктук жардам бардык субъекттер тарабынан оозеки, жазуу формаларында, ошондой эле башка жеткиликтүү коммуникациялык байланыштарды колдонуу аркылуу берилет”. Ушул тапта Өнүктүрүү саясат институту Шаардык ЖӨБ органдары тарабынан укуктук жардамды уюштуруу жөнүндө Типтүү жобонун долбоорун даярдап жатат.