Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пробацияны жергиликтүү маанидеги маселелерге кошуш керекпи?

2019-03-13 / ЖӨБдүн укуктары жана кызыкчылыктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген “Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам Долбооруна каршы пикир (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы №525 Токтому).

Долбоор менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренесин жаңы жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегин толуктоо максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Ал: “пробация органдарына күндөлүк милдеттерди чечүүдө жана пробациянын конкреттүү иш-чараларын аткарууда көмөк көрсөтүү”. Мыйзам долбоорунун концепциясына ылайык, мамлекеттик органдардын компетенциясына тиешелүү болгон мындай түрдөгү ишчаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына да тиешелүү болот. Бул болсо жалпысынан КР Конституциясынын 3-беренесинин 4-пунктунда каралган мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү тууралуу конституциялык ченемге карама-каршы келет. Мындан тышкары КР Конституциясы жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы “жергиликтүү маанидеги маселелер” түшүнүгүн тиешелүү аймактын калкынын тумуш тиричилигин камсыз кылган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары чечкен, ошондой эле жарандар өз эркин түз билдирүү жолу менен чечилген маселелер катары аныктаган. Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесин жүйөсүз жана кайра-кайра өзгөртө берүү аларды формалдуу түрдө эле бекитип коюп, бирок иш жүзүндө аткарылбай калуусуна же натыйжасыз аткарууга алып келет. Атүгүл КР Бюджеттик кодексинин 49-беренесинин 3-бөлүгү мамлекеттик органдарга билип туруп тиешелүү компенсацияны камсыз кылбастан жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын көбөйтүүгө алып келүүчү иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алууга тыюу салат. Жогоруда айтылгандарды эсепке алуу менен, КР Өкмөтүнө мыйзам долбоорун КР Конституциясынын талаптарын эсепке алуу менен толук иштеп чыгуу сунушталды. Сунуштар жана сунуштамалар Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу менен биргеликте даярдалды (Чыг. №256, 2019-жылдын 18-январы).

Түрмөк ЖӨБ Союзу менен Өнүктүрүү саясат институтунун КОЖОШЕВА Н., ОРОЗБАЕВ Б., БЕКИЕВ Б., ЧАНДЫБАЕВА А. жана башка эксперттеринин биргелешкен аракеттери менен даярдалды