Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Шайлоо тураалуу

2012-04-30 / МЫЙЗАМДАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР

КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарындагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө”

Ош жана Нарын облустарынын айрым муниципалитеттеринде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды

КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарындагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2012-жылдын 5-мартындагы №57 Указы. Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Акен айылдык аймактарындагы айылдык кеңешке, Ош облусунун Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык аймактарындагы айылдык кеңешке, Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык аймагынын айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2012-жылдын 6-майына белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” 2012-жылдын 16-мартындагы №49 Токтому.

КР Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөтүн шайлоону дайындоо жөнүндө” 2012-жылдын 26-мартындагы №52 Токтому. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан АА, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен АА, Ош облусунун Алай районундагы Үч-Дөбө АА, Нарын облусунун Жумгал районундагы Баш-Кууганды АА, Чүй облусунун Москва районундагы Сретенск жана Петровка АА, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу АА, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер АА шайлоо 2012-жылдын 21-апрелине белгиленген.