Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу

2019-06-17 / Мыйзам жаӊылыктары

2019-жылдын 12-апрелиндеги №48 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамы кабыл алынды. Өзгөртүүлөр административдик кызматтардын стажына, класстык ченине жана кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказга карата талаптарда болду. Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы, анын ичинде СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү мөөнөттүү кызматтагы эмгек ишинин, мурдагы СССРдин партиялык, комсомолдук жана мамлекеттик органдарынын аппараттарындагы ишинин, ошондой эле убактылуу болбогон кызматчынын ордун ээлөө боюнча эмгек ишинин убактысы кирет.

Мыйзам класстык чен муниципалдык кызматтын класстык чени бар мамлекеттик жарандык кызматчыларга кандай учурларда берилбей турганын тактайт: мамлекеттик кызмат ордуна дайындалгандан кийин муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча муниципалдык кызматтын тийиштүү класстык ченине ылайык келген мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени баа берүү жүргүзүлбөстөн ыйгарылат; муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин мамлекеттик жарандык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча мамлекеттик кызматтын класстык ченине ылайык келген муниципалдык кызматтын класстык чени баа берүү жүргүзүлбөстөн ыйгарылат; аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар кызматчыларга бул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга ылайык келген класстык чен баа берүү жүргүзүлбөстөн ыйгарылат. Айрым ченемдердин ашыкча детализациясы Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады алып салынды же ишке ашырууда практикалык оордугу эсепке алынды. Ички жана Улуттук резервде болгон адамдардын ичинен конкурс өткөрүш керек болгондуктан, эгерде бул конкурстар өтпөй калса же анын натыйжасында талапкер тандалбай калса, ачык конкурсту 10 күндүн ичинде өткөрүү оор болгондуктан Мыйзамдан “бош кызмат орду пайда болгондон кийин 10 жумушчу күндүн ичинде” деген сөз алып салынды.

Мыйзам дагы бир ченем менен толукталды: Аскер кызматына чакырылганына же аны алмаштыруучу альтернативдүү жарандык кызматка жөнөтүлгөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулуп жаткан кызматчы, чакыруудан кайтып келгенден кийин, бир айдын ичинде анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, тиешелүүлүгүнө жараша ошол мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрларынын ички резервине киргизилет. Мыйзамга тараптардын эркине байланышпаган жагдайлар боюнча мамлекеттик органындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы кызмат төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн болгон дагы бир себеп кошулду – мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алуунун белгиленген эрежелерин бузганда токтотулат. Мыйзамга Өкмөттүн чечими боюнча мамлекеттик тапшырыктын алкагында саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар да окутулушу мүмкүн деген толуктоо киргизилди. Мыйзам менен кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына берилди. Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору КР Жогорку Кеңешине буга байланыштуу өз сунуштарын жиберген.

Ошондой эле Долбоор Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары – ушул Мыйзам долбоорунун демилгечилери менен жолугушууларды өткөргөн. Анда өзгөчө муниципалдык кызматчыларды окутууну өткөрүү үчүн билим берүүчү уюмдарды конкурс менен тандап алуу ченемин сактап калуу максаты коюлган. Бул ченемди колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Ал мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосун колдонуу, билим берүүчү уюмдарды жана консультант-тренерлерди конкурстук жол менен тандап алуу жагында мамлекеттик заказды ишке ашыруунун механизмдерин аныктоо максатын көздөйт.

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады