Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Администрациялык-аймактык реформаны өткөрүү боюнча кеңеш тууралуу
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги №107-б Буйругу менен Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн еформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформаны даярдоо жана жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш түзүлдү. Анын курамына Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьерминистри, КР ЖК депутаттары, министрлер жана мамлекеттик агенттиктердин жана ведомстволордун төрагалары, ЖӨБдүн аткаруу органдарынын башчылары, ЖӨБ Союзунун директору жана көз карандысыз эксперттер кирди.
Координациялык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ал эми Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Экономика министри болот. КР Өкмөтүнүн ушул эле Буйругу менен “Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформаны даярдоо жана жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” Жобо бекитилди. Аталган Жобо Координациялык кеңештин ишинин тартибин аныктайт.
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелери: тазалыкка жана жоопкерчиликке системалуу мамиле
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кыргызстанда биринчи жолу катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча райондук программалар даярдалып, бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн Типтүү эрежелери бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Пластиктин булганышы менен күрөшүүнүн жаңы тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №337 “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому











