Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө

2019-11-19 / Мыйзам жаӊылыктары

2019-жылдын 22-июлундагы №95 «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Мыйзам укук колдонуу практикасын эсепке алуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө өлкөнүн мыйзамдарын өркүндөтүү, МЖӨ долбоорлорун даярдоо процессинде жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү жана мөөнөттөрүн кыскартуу максатын көздөйт. Аны менен катар Мыйзам долбоорунда колдонулган «мамлекеттик өнөк» түшүнүгү кеңейтилди. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик өнөк – аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин, добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан ашык пайыздары мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун бир же бир нече мамлекеттик органдары. Мыйзам мамлекеттик өнөктүн тарабынан бир же бир нече субъект чыгышына укук берет.

Ошону менен бирге «кызыкдар жак», «тендердин катышуучусу», «консорциум», «тендерге катышуу үчүн квалификацияны суратып алуу», «МЖӨ долбоорун демилгелөө тууралуу сунуш» өңдүү жаңы түшүнүктөр кирди. Тендердик документтердин көлөмү кыскарды, жеке өнөктү тандап алуу боюнча тендерди өткөрүүнүн жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонбостон МЖӨ жөнүндө макулдашууну аткаруунун жол-жоболору такталды.