Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индексин баалоо методикасын бекитүү жөнүндө

2019-11-19 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-сентябрындагы №452 «Бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индексин баалоо методикасын бекитүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана финансылык децентрализациялоо реформаларын ишке ашыруу, мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 129-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индексин баалоо методикасын тиркемеге ылайык бекитти. Методика жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде бюджеттик ачык-айкындуулукту мүнөздөчү көрсөткүчтөрдүн системасын белгилейт. Бюджеттик ачык-айкындуулуктун индикаторлорун баалоодо жергиликтүү бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттун, статистикалык отчеттун маалыматтары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук отчету, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары пайдаланылат. Бюджеттик ачык-айкындуулук баллдык система боюнча бааланат жана ушул Методикага ылайык аныкталган формула боюнча эсептелет.