Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Максаттуу көрсөткүчтөрдүн негизинде пландоо методикасы жөнүндө

2019-11-19 / Мыйзам жаӊылыктары

2019-жылдын 15-июлундагы №348 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасын бекитүү жөнүндө» Токтому

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо Методикасын бекитти. Бул Методика Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттуу программаларын жана аларга тийиштүү пландарды иштеп чыгуу тартибин белгилейт.

КР Өкмөтүнүн токтому менен министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) Методикага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программаларынын негизги көрсөткүчтөрүнө жетишүү деңгээлин баалоо үчүн 2019-жылга карата өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу тапшырылды.