Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдык кеңештин төрагасынын эмгек акысы тууралуу

2020-06-05 / Мыйзам жаӊылыктары

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтому.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Токтому өзгөрдү. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат акысына кайталанмалуулук коэффициенти 2,7 көлөмүндө бекитилди (калкынын саны 20001 адам жана андан жогору болгондо). Ошондой эле айыл өкмөтүндө, айылдык кеңештерде (калкынын саны 6001 адам жана андан жогору болгондо) жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтарында иштеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын эсептөө үчүн колдонулган түзөтүүчү коэффициенттер бекитилди.