Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдык кеңештердеги кызматтардын тизмеги тууралуу

2020-06-08 / Мыйзам жаӊылыктары

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердеги акы төлөнүүчү негизде ээленген кызматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө” Токтому.

2019-жылдын 8-августундагы №115 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин ишке ашыруу максатында айылдык кеңештерде акы төлөнүүчү негизде ээленген кызматтардын төмөнкүдөй тизмеги бекитилди. Айылдык кеңештин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү жүргүзөт.