Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Комуз күнү тууралуу

2020-06-08 / Мыйзам жаӊылыктары

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы №3 “Кыргыз Республикасында Комуз күнүн белгилөө жөнүндө” Токтому.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 24-июлундагы №96 "Комуз күнү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 9-сентябрь – Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Комуз күнү деп белгиледи. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) Комуз күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштурууну жүзөгө ашыруу тапшырылды.