Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу КуРулуш Жана РегиондуК өнүКтүРүү боюнча МаМлеКеттиК агенттиК Жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №126 токтому

2012-02-29 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

“Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин реформало- ого байланыштуу уюштуруучу чаралар жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 “Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө” жана 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин реформалоого байланыштуу уюштуруучу чаралар жөнүндө” токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
 
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
 
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо № 1 тиркемеге ылайык;
 
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы № 2 тиркемеге ылайык.
 
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин, мамлекеттик архитектуралык курулуш көзөмөл функциясын кошпогондо, укуктук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.
 
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигин каржылоону учурдагы финансы жылы үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын.
 
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө:
 
• өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
 
• ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин;
 
• нормативдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
 
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
 
• постановление Правительства Кыргызской Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-сентябрындагы № 578 “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Айылдарды суу менен камсыздоо департаментин түзүү жөнүндө” токтому;
 
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 542 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
 
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 751 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтому;
 
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 164 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пункту;
 
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-ноябрындагы № 274 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө” токтомунун 5-пункту.
 
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
 
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
 Премьер-министр    Ө. Бабанов