Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Роялтинин жана бонустун ставкалары тууралуу

2020-10-06 / Мыйзам жаӊылыктары

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштерди жүргүзгөн тоо кендерин казып алуучу жана тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканаларга киреше салык салуу боюнча КР мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле роялти салыгынын базасын жана анын ставкасын тактоо болуп эсептелет. Документ тоо кендерин казып алуучу жана тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгынын ставкасын 7% көтөрүүнү караштырат.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 301-беренеси (Бонус салыгын төлөөчү) жаңы редакцияда баяндалды. Ага ылайык, жер астындагы сууларды чыгарып алуу жана пайдалануу боюнча суу менен камсыздоочу атайын уюмдарды жана калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн, ошондой эле мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана балык өстүрүү чөйрөсүндөгү айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн жер астындагы сууларды чыгарып алуу боюнча уюмдарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна ээ ата мекендик уюмдар, туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында ишти жүзөгө ашырган чет өлкөлүк уюмдар, ошондой эле жеке ишкерлер бонус салыгын төлөөчүлөр болуп саналышат.