Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Шаарларда таза абаны коргоо тууралуу
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынды.
Кол коюлган Мыйзам Кыргыз Республикасынын ири шаарларында бир катар көрсөткүчтөр боюнча чектик жол берилген концентрациядан ашкан жана калктын ден соолугуна кооптуу болгон абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.
Мыйзамда бизге ташылып келген жана биздин өлкөдө өндүрүлгөн электромобилдерге, электр заряддоочу станцияларга жана алардын запастык бөлүктөрүнө (комплекттөөчүлөргө) салыктык преференциялар, ошондой эле техникалык кароо жүргүзүүчү диагностикалык борборлордун жоопкерчилиги каралат.
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Коммуналдык калдыктарды иштетүүнүн типтүү эрежелери: тазалыкка жана жоопкерчиликке системалуу мамиле
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кыргызстанда биринчи жолу катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча райондук программалар даярдалып, бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн Типтүү эрежелери бекитилди
-
№9 (167) / 2025-09-21 Пластиктин булганышы менен күрөшүүнүн жаңы тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №337 “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому











