Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар тууралуу

2020-11-20 / Мыйзам жаӊылыктары

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы №487 “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Токтому

Балдар жана жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча шаарлардын (өсүү түйүндөрүнүн) ишине дем берүү максатында КР Өкмөтү Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун өткөрүүнүн тартиби  жөнүндө убактылуу жобону тиркемеге ылайык бекитти жана конкурстун байге фондун 6 000 000 (алты миллион) сом өлчөмүндө белгиледи. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына (макулдашуу боюнча) 2020-2022-жылдары “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү тапшырылды. Конкурстун катышуучуларынын арасына кошулгандардын тизмесинде 18 шаар бар. Алар: Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Кербен, Кочкор-Ата, Нарын, Ош, Талас, Таш-Көмүр, Токмок, Өзгөн. Токтом 2022-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болот.

Конкурсту өткөрүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар кандай болушу керектигин сүрөттөп, индикаторлор тобу жазган төмөнкүдөй критерийлерди белгилеген.

Жаштардын укугуна жана кызыкчылыгына тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жаштардын катышуусу. Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар ар бир жаш жарандын анын жашоо-турмушуна тийиштүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга таасир этүүсүнө жана алар өз шаарынын кандай болуусун көргүсү келе тургандыгына карата өз пикирлерин айтуусуна кепилдик берет. Жаштар шаарды өнүктүрүү процесси кандай өтүп жаткандыгы тууралуу кабардар болууга, бул процесске тартылууга жана бул жаш адамдардын көз караштарын жана тажрыйбасын сыйлай тургандыгын, аларды өнөктөш жана инсан, бирдей тең укуктуу активдүү жарандар  катары тааныша тургандыгын иш жүзүндө көрүүгө тийиш.

Жаштардын эс алуусу, маданияты жана өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү. Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар ар бир жаш жаранга шаардын маданий жашоосуна катышуу укугуна кепилдик берет. Жаштардын жетишүү жашыл зоналары жана эс алууну өткөрүүчү жайлары болушу керек.

Коопсуздук жана курчап турган ыңгайлуу чөйрө. Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар жаштар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын деңгээлин азайтуу максатында калктуу конушта ушул көрүнүштү азайтуу боюнча максаттуу саясатты жүргүзөт. Ошондой эле калк, анын ичинде жаштар үчүн консультациялык-укуктук жардам берүү боюнча чараларды көрөт. Мындан тышкары шаар аракечтик, баңгилик, үй-бүлөлүк зомбулук, кыз ала качуу сыяктуу антисоциалдык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча жаштар арасында алдын алуу иш-чараларын өткөрөт.

Билим берүү. Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар балдардын жана жаштардын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берет. Жынысына, тилине, ишенимине, улуттук, этностук же социалдык абалына, мүлктүк жагдайына, ден соолугунун же кандайдыр бир башка жагдайына карабастан жаштар үзгүлтүксүз дене тарбиялык, интеллектуалдык, рухий, моралдык, психологиялык жана социалдык өнүгүү үчүн зарыл болгон сапаттуу билимди алышы керек.

  • facebook
  • twitter
  • v-kontakte
  • li-icon
  • odnolassniki
  • lj
  • shit