Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чоң-Алай АА COVID-19га каршы: жарандардан Ош үчүн картошка жана ооруканалар үчүн кычкылтек концентраторлору, ал эми айыл өкмөтүнөн коргонуу жана алдын алуу иштери

2020-12-15 / COVID-19
Чоң-Алай АА COVID-19га каршы: жарандардан Ош үчүн картошка жана ооруканалар үчүн кычкылтек концентраторлору, ал эми айыл өкмөтүнөн коргонуу жана алдын алуу иштери

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЖӨБ мыкты тажрыйбалар Порталынын администратору, myktyaimak.gov.kg //

Чоң-Алай айылдык аймагы (Чоң-Алай району, Ош облусу) өлкөнүн эң алыскы аймактарынын бири болуп саналат. Ал Оштон 300 км аралыкта орун алган жана Тажикстандын чек арасына чейин жеткен бир чоң райондун борбору болуп эсептелинет. Бул аймакта климат шарттары катаал. Кышында абанын температурасы −30-39 °C чейин түшөт, жайында +19-22°C болот. Аймактагы жети айылда 15 897 адам жашайт (алардын 49,5% аялдар), 3 837 үй кожолугу бар. Жергиликтүү бюджет 37 миллион сомдун тегерегинде.

Өлкөдөгү эл жыш жайгашкан аймактардан алыс болгонуна карабастан COVID-19  вирусу башка муниципалитеттерде болгондой эле, бул аймактын тургундарына да бир заматта жетти. ЖӨБ органы вируска даяр турган жана биринчи кезекте айыл өкмөтүнүн буйругу менен эл көп чогулган жерлер – базар, кафелер жана ашканалар, соода түйүндөрү карантинге жабылган. Азык-түлүк дүкөндөрү гана иштеп турду. Андан соң билим берүүчү мекемелер (мектептер жана бала бакчалар) жабылып, уюмдар аралыктан иштөө режимине өтүшкөн.

Ооруканалар толуп калгандыктан, ал эми “кызыл зонада” вирусту жуктурган 30 бейтап жаткандыктан Дароот-Коргон айылындагы мурдагы мектептин имаратын ЖӨБ органы 50 орундуу обсервацияга айландырды; спорт комплексинде 100 орундуу күндүзгү стационар ачылып, биринчи толкун күчөп турган маалда күн сайын 30-50 адам дарыланып турду. Сентябрда бул стационарлар жабылган. Бирок эпидемиянын экинчи толкуну башталганда, октябрда бул стационарлар кайрадан ачылып, күн сайын 15 оорулууга жардам берип жатат. Биринчи толкунга салыштырмалуу 2020-жылдын күз мезгилинде кары-картаңдардын арасында ооругандар көбүрөөк болуп жатат. Бирок өлүм саны азайды: пандемия күчөп турган айларда, 2020-жылдын апрель айынан июль айына чейин вирус сегиз адамдын өмүрүн алды. Ал эми азыр, күзүндө өлгөндөрдүн саны азырынча үч болуп турат. Айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында, COVID-19ду жуктуруп алгандардын көбү ооруканадан чыккандан кийин өнөкөт оорулардан көз жумушкан.

COVID-19 менен күрөштө ЖӨБ органы кандай иштерди жасады?

2020-жылдын март айында эпидемиологиялык кырдаал күчөй баштаганда айыл өкмөтү жакындап келаткан биринчи толкундун негизги соккусун өзүнө алып, күнү-түнү иштөө режимине өттү. ЖӨБ органы COVID-19 менен күрөш боюнча райондук штабдын ишине жигердүү катышып турду. ЖӨБ органынын атынан бул штабга Чоң-Алай АА айыл өкмөтүнүн башчысы Тайирбек ЖАЙЧИБЕКОВ кирди. Башчы айыл өкмөтүндө 16 адамдан турган ыкчам жумушчу топту түздү. Жумушчу топко айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары жана ар бир айылдан жергиликтүү жамааттын лидерлери мүчө болуп киришти. Топтун төрагасы болуп айыл өкмөт башчысынын орун басары дайындалды. Жумушчу топтун ар бир мүчөсү өз ишинин багыты үчүн жооп берип турду. Жумуш аймактагы жети айылдын бардык көчөлөрүн дезинфекциялоодон башталды: узундугу 80 км көчөлөр, 20 социалдык объект, анын ичинде жети мектеп, сегиз бала бакча дезинфекцияланып чыкты. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 340 000 сом сарпталды.

COVID-19дун жайылышын болтурбоо боюнча адистештирилген пункттарда күнү-түнү иштеген адамдар үчүн жергиликтүү бюджеттен 10 000 сом бөлүнүп, 700 даана атайын кийим (беткаптар, коргоочу кийимдер, колкаптар) сатып алынган. Күндүзгү стационарлардын жана обсервациянын эффективдүү иши үчүн жергиликтүү бюджеттен 32 290 сом бөлүнүп, бул каражатка электр жабдуулары (электр мештер, кабелдер, розеткалар ж.б.), эмеректер (керебеттер) сатып алынган.

Эки айылда өткөрмө бекеттер орнотулуп, бул жерде түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана ЖӨБ органынын өкүлдөрү – санитардык-эпидемиологиялык станциянын (СЭС), Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, ветеринариянын өкүлдөрү, айыл башчы эки ай бою күнү-түнү күзөттө турушту. ЖӨБ органынын жана жергиликтүү жамааттын күчү менен нөөмөттө тургандарга ысык тамак уюштурулду. Бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен 35 000 сом бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү жамаат 14 000 сомго эки кой сатып берген. Бул эт ысык тамак даярдоо үчүн көпкө чейин жетти.

ЖӨБ органы аз камсыз болгон жана өтө муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесин кайрадан дыкаат текшерип чыкты. Жергиликтүү бюджеттен 26 үй-бүлө үчүн 111 000 сом нак берилди, мамлекеттик материалдык резерв фондунан 1930 үй-бүлө үчүн 1 264 800 сомго 795 кап ун бөлүндү. Ал эми жергиликтүү демөөрчүлөр 106 920 сомго 324 азык-түлүк баштыгын таратып беришти.

Каржылоодогу каталар

Мындан тышкары “кызыл зонада” иштеген беш дарыгерге материалдык колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 10 000 сом бөлүндү. Бирок бул жергиликтүү бюджеттин каражатын максатсыз колдонууга кирет. КР Бюджеттик кодексинин 44-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, бюджет аралык мамилелер мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды чектөөгө, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди жана чыгашаларды бөлүштүрүүгө негизделген. Ошондой эле Бюджеттик кодекстин 51-беренесинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери так аныкталган. Бул беренеге ылайык, саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине айлык акы төлөп берүүгө байланышкан чыгашаларды жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө болбойт.

ЖӨБ органдарынын жалпы кыйынчылыктары

Коронавирус менен күрөш республикалык да, жергиликтүү да бюджеттерден олуттуу чыгымды талап кылды. Бул кырдаал пандемия менен күрөш боюнча иш-чараларды ишке ашырууда ЖӨБ органдары мыйзам чыгаруучу алкактарда өтө эле чектелүү болгонун көрсөттү. Бул болсо өз кезегинде ЖӨБ органдарынын коронавирустун жайылышын болтурбоо боюнча ишинин эффективдүүлүгүнө да таасирин тийгизди. Буга байланыштуу келечекте ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын ичинен артыкчылыктуусун ыкчам түрдө тандап алуу, чукул тапшырмаларды аткаруу үчүн каражатты мобилдештирүү, COVID-19дун кесепеттерин жумшартуу өңдүү мүмкүнчүлүктөрдү мыйзамдар менен бекитип берүү маселеси турат. Ыйгарым укуктарды бөлүштүрүп, мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча анык жана чукул зарылчылык чыкты. Мунун негизинде ЖӨБ органдары ушул өңдүү муктаждыктарга өз бюджетинен каражатты чукул арада бөлүп бере алышмак.

ЖӨБ органы райондук Өнүгүү фондуна кайрылууну чоң жетишкендик катары эсептейт. Аталган фонддон 2 500 000 сом көлөмүндө грант бөлүнгөн. Бул акчага 2020-жылдын август айында райондук оорукана үчүн портативдик мобилдүү функционалдык рентген-аппарат, аны менен кошо санарип жалпак панелдүү детектор сатып алынган. Бул жабдуулар эпидемиологиялык кырдаал маалында жалпы аймак үчүн эң актуалдуу болгон  көйгөйдү чечип берди. Мурда адамдар рентгенге түшүү үчүн күн сайын Ош шаарына барууга мажбур болушчу. Бул үчүн жолго эле үч күндүк убакыт, жол акысына жана жашаган жерине 3-4 миң сом кетип калчу. Эми болсо үч муниципалитеттин тургундары жергиликтүү рентгендин кызматын колдонуп жатат. Муну менен акчасын да, убактысын да үнөмдөп, рентгенографиялык изилдөөнүн жыйынтыктарын күн сайын 10-15 адам алууда. ЖӨБ органынын чечими менен детектору бар рентген-аппараты муниципалдык менчик катары айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

COVID-19 менен күрөшкө ишкерлер, карапайым адамдар чоң салым кошту. Жергиликтүү жамаат 1 200 000 сомго ооруканага 40 кычкылтек концентраторун сатып беришти. Чоң-Алай айылдык аймагынын жалпы жамааты ынтымактуу жана кайдыгер эместигин далилдей алды. Ошол оор күндөрү аймактын жашоочулары башка муниципалитетке жардам берүүнү чечти. Бул үчүн дээрлик ар бир үй-бүлөдөн жалпы суммасы 480 000 сомду түзгөн 40 тонна картошка топтолуп, Ош шаарынын элине жеткирилип берилди.

Чоң-Алай ААда COVID-19 менен күрөшкө жалпысынан 6 223 834 сом сарпталды. Анын ичинен 672 050 сом жергиликтүү бюджеттен, 1 264 864 сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Райондук Өнүгүү фондунун салымы 2 500 000 сомду, жергиликтүү жамааттын салымы 1 786 920 сомду түздү.

Тайирбек ЖАЙЧИБЕКОВ, Чоң-Алай айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы: “Биз биринчи жолу мындай катаал көйгөйдү башыбыздан өткөрдүк. Башында бир аз апкаарып калдык. Бирок эл менен, маморгандар менен биригип, кырдаалды өз колубузга алдык. Райондук деңгээлде штаб түзүлүп, ал жалпы райондун аймагындагы ишти уюштурду. Биздин муниципалитетте жумушчу топ түзүлүп, анын мүчөлөрү өз тилкелеринде эл менен тыгыз байланышта күнү-түнү иштеп, жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарын байланыштырып турган чынжыр болушту. Алар кырдаалды жакшы көзөмөлдөп, COVID-19дун жайылышына бут тосуу боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн мүмкүн болушунча күч-аракетин жумшашты. Элдин коркунучтуу балээге каршы бириге алганы чоң жетишкендик. Кайдыгер карап турган бир да адам болгон жок. Ар бир адам өз салымын кошкусу келди. Дээрлик ар бир үй-бүлөдөн өзүнүн айылдаштарына гана эмес, алыстагы Оштун тургундарына да жардам барды. Мен боорукердиги жана оптимизм үчүн, ынтымактуулук жана патриоттуулук үчүн, эч ким чөгүп отуруп калбай, чыйрала түшкөнү үчүн элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мындай ресурс менен биз аймактагы бардык маселени чече алабыз деген ишеничтемин”.

ЖӨБ органынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү жамааттын тыгыз кызматташтыгынын натыйжасында чоңалайлыктар учурдун кооптуу чакырыгына каршы туруп беришти. Жергиликтүү бийликтин жана кайдыгер эмес жашоочулардын жолго коюлган, так ишинин алдында вирус бир аз убакытка болсо да чегинди. Бүгүнкү күндө, 2020-жылдын күз мезгилинде COVID-19 кайрадан күч ала баштады. Бирок жергиликтүү бийлик мамлекеттик түзүмдөр менен кошо оор кырдаалга даяр турушат. Себеби аларда жамааттык ынтымактуу иш тажрыйбасы бар. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин чыныгы каармандар деп атаса болот. Алар күрөштүн алдыңкы катарында биринчилерден болуп тургандыктан, өзүнүн гана эмес, жакындарынын жана туугандарынын да өмүрү тобокелдикте эле. Анткени алардын ар бири вирусту ар кандай учурда жана шарттарда жуктуруп алмак. Ал эми бул болсо алар үчүн да, үй-бүлөлөрү үчүн да чоң коркунучту жаратат.

Жергиликтүү жамааттын да салымын өзгөчө белгилей кетүү зарыл. Жергиликтүү жамаат кычкылтек концентраторлорун сатып алууга, ысык тамак уюштурууга, башка муниципалитетке гуманитардык жардам жиберүүгө өз чөнтөгүнөн акча чыгарып берди. Ошол эле маалда Чоң-Алайдын климаты катаал болгонун, айыл чарбасын өнүктүрүүдө кыйынчылыктар бар экенин унутпаш керек.

Чоңалайлыктардын, Кыргызстандын башка айылдык жана шаардык муниципалитеттеринин мисалы бир нерсени көрсөттү: ушундай оор мезгилде адамдар бириге калып, кооптуу абалга жана жеке кыйынчылыктарына карабастан чын дилинен бири-бирине жардам берүүгө даяр экен.