Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ жаатындагы саясатты иштеп чыгуу өкмөт аппаратына берилди

2012-01-31 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

2010-жылдын 24-декабрындагы КР Өкмөтүнүн “КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын туруму жана структурасын бекитүү тууралуу” №338 токтомуна 2012-жылдын 11-январында өзгөртүү киргизилди.

 

2010-жылдын 24-декабрындагы КР Өкмөтүнүн “КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын туруму жана структурасын бекитүү тууралуу” №338 токтомуна 2012-жылдын 11-январында өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, Өкмөт Аппаратынын структурасында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча жаңы бөлүм түзүлдү. КРнын премьер-министринин 2012-жылдын 12-январындагы буйругу менен КРнын Өкмөт Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп Шадыбеков Куванычбек Баймуратович дайындалды. 
 
КРнын Премьер-министринин 2012-жылдын 12-январындагы буйругу менен КРнын Өкмөт Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп Тарбинский Олег Станиславович дайындалды. 
 
КРнын Премьер-министринин 2012-жылдын 18-январындагы буйругу менен КРнын Өкмөт Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн муниципалдык башкаруу секторунун жетекчиси болуп Асанакунов Болот Жапарович дайындалды. Б.Ж.Асанакунов көп жылдар бою КРнын Шаарлар ассоциациясын, андан кийин КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Союзун жетектеп келген.